Дүйнөлүк басма сөз 05.07.2021

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1669891
Дүйнөлүк басма сөз 05.07.2021

 

Аль-Ватан (Катар): Катар менен Иордания коопсуздук келишимине кол коюшту.

Эль-Рая Эль-Катария (Катар): Жер шары эртең (6-июлда) Күндөн эң алыскы абалда болот.

Аль-Ватан (Оман): Бүгүн эртең менен Оман деңиз флотунун командири генерал Бахри Сейф Бин Насер Ар-Рахби баштаган аскердик делегация Англияга жөнөп кетти.

Frankfurter Allgemeine Zeitung: Азербайжан 15 армян туткунун бошотту.

Tagesschau.de: Германиядагы саясатчылар жана эксперттер коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы эмдөөгө барбай койгондорго айып пул салууну талап кылышууда.

dpa: Кытайлык космонавттар Кытайдын жаңы космостук станциясында биринчи жолу космоско чыгышты.

Эль Мундо (Испания): Испанияда жүргүзүлгөн бир изилдөө көрсөткөндөй, 35 жашка чейинки жаштар жумушсуздуктун, кымбатчылыктын жана эртеңки күндүн камын ойлоп ижарага чыгууну же сатып алууну каалабагандары белгиленди.

El Nacional (Венесуэла): АКШнын Жон Хопкинс университетинин (АКШ) изилдөөсүнө ылайык, Венесуэланын калкынын 0,8 пайызы гана Ковид-19га каршы эмделет.

El Pais (Испания): Медайымдар Испаниядагы карыларга кам көрүү борборлорунан качып жатышат. Учурда борборлордо 15 миң медициналык кызматкер жетишпейт.

Le Figaro: Дельта варианты: Франциянын Саламаттыкты сактоо министри Оливье Веран, июлдун аягында ковид-19 эпидемиясында төртүнчү толкун болушу мүмкүн деп эскертти.

Le Parisien: Францияда Сovid-19ка каршы милдеттүү эмдөө үчүн кысым күчөп жатат.

Ria.ru: Украинанын Президенти Владимир Зеленский Кара деңизде Sea Breeze машыгуусуна катышкан америкалык "Росс" эсминецине барды.

ТАСС: Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Түндүк Атлантика альянсы менен түзүлгөн шарттар боюнча диалог мүмкүн эмес жана НАТО континентте туруктуулук алып келбейт, тескерисинче, дестабилдештирүүчү фактор катары кызмат кылат деп билдирди. Песков ошондой эле Россия менен Түркиянын ортосундагы мамилелер НАТО өлкөлөрү менен конструктивдүү мамилелердин үлгүсүн көрсөттү деди.

Коммерсант: Россиянын Адам ден-соолугу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо агенттиги (Роспотребнадзор) короновирус Россия Федерациясынын экономикасына дээрлик бир триллион рубль зыян келтиргенин билдирди.



Тектеш кабарлар