Дүйнөлүк басма сөз 2.07.2021

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1668547
Дүйнөлүк басма сөз 2.07.2021

Deutsche Welle: Президент Эрдоган: «Аялдарга карата зомбулукка каршы кандай күрөшүп жатсак бүгүн дагы, эртең дагы күрөштү улантабыз».

rp-online: Немистер демократиянын абалына нааразы.

Handelsblatt: Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) отчету: Туризм тармагы эң эрте 2023-жылы калыбына келиши мүмкүн.

Le Soir: Бельгиянын премьер-министри Александр Де Кру, көптөгөн жылдардан бери жашап келген Бельгияда качкын эмес, мыйзамдуу статусун талап кылып ачкачылык жарыялаган 400гө жакын адамды нааразычылык акцияларын токтотууга чакырды.

Le Monde: Франциянын президенти Эммануэль Макрон "Elle" журналына берген маегинде мындай тынчсыздануусун билдирди: «Менин оюмча коом акырындап радикалдашып баратат».

France 24: Францияда адилет министри Эрик Дюпонд-Мореттиге багытталган териштирүүнүн алкагында Адилет министрлигинде тинтүү жүргүзүлдү.

El País (Испания): Испанияда коронавирустун жаштардын арасында жайылышынан улам, "оорунун көрсөткүчү" жүз миң кишиде 134 учур катталды.

El Universal (Мексика): Канададагы жана АКШдагы рекорддук ысыктын айынан 480 адам каза болду.

La Tercera (Чили): (Британиялык физик, космолог, астроном, теоретик жана автор) Стивен Хокинг туура айтты! Кара тешиктердин "окуялар горизонту" эч качан кыскарбайт.

Аль Кудс Аль Араби: Ирактын премьер-министри Мустафа Аль Казими, Иракты аймактык жана эл аралык жаңжалдардын аренасына айлантпоого чакырды.

Aljazeera: Кагылышуунун күчөшүнө байланыштуу НАТО Афганистанга өз күчтөрүн чыгарып кеткенден кийин дагы көз сала тургандыгын билдирди.

Elraya: Катар менен БУУ Палестинада болуп жаткан окуяларды талкуулашты.

РБК: Россиядагы жарандарынын жарымынан көбү, коронавируска чалдыккандардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу жаңы коменданттык саатка каршы.

РИА Новости: Россияда экспорт үчүн куралдуу дрондорду чыгаруу башталат.

ТАСС: (Россиянын) Нижний Новгород облусунда газдын жарылуусунан үч адам жаракат алды.



Тектеш кабарлар