Дүйнөлүк басма сөз 29.06.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Al Jazeera: Жабык жолдор жана өрттөнгөн дөңгөлөктөр... Ливанда жашоо шартынын начарлашына каршы нааразычылык акциялары уланууда.
Аль-Кудс Аль-Араби: (Ковид-19): АКШнын Мамлекеттик департаменти: «Вашингтон жетекчилиги, Бириккен Араб Эмираттарына барбоого кеңеш берет».
Аль-Кудс Аль-Араби: АКШнын президенти Жо Байден жакында Израилдин жаңы премьер-министрин (Нафтали Беннетти) тосуп алууну чыдамсыздык менен күтүп жаткандыгын айтты.
Al-Dustour: (Иордания): Индиядагы коронавирустун (Ковид-19) "Delta" вариантынын жайылышы чектөөлөрдүн алынып салынышына тоскоол болууда жана дүйнөнү карантинге кайтаруу коркунучун жаратууда.
Le Monde: Euro-2021: Франциянын футбол боюнча курамасы акыркы 16 командалык оюнда Швейцарияга утулуп калды.
Le Figaro: Компаниялар чет өлкөлүк жумушчуларды алыстан иштетүүгө кызыкдар.
France 24: Delta варианты: Чек араны башкаруу маселеси европалыктарды экиге бөлдү.
Süddeutsche Zeitung: Германияда жаңы учурларда Delta вариантынын үлүшү 35 пайызды түзөт.
Deutsche Welle: Германиянын өкмөтү (жума күнү) аскерлерин бутага алган жанкечтилик кол салууга карабастан, Малидеги миссиясын улантууга чечкиндүү.
Zeit.online: НАТО менен Украина Россияга карабастан Кара деңизде ири машыгууну башташты.
El Pais (Испания): Испанияда автономиялык жетекчиликтер, Дельта вариантынын коркунучу жана акыркы мезгилдерде көбөйгөн көрсөткүчтөрдүн себебинен жаштарга эмдөөнү тездетти.
El Mundo (Испания): Эки изилдөөгө караганда, ар кандай вакциналардын дозаларын алуу Ковид-19га каршы натыйжалуу.
El Nacional (Венесуэла): Чилиде "Delta" варианты боюнча эскертүү: экинчи учур да ырасталды.
РБК: Россиянын президенти Владимир Путин: «Эң жаңы абадан коргонуу системасы S-500 "Прометей", континенттер аралык баллистикалык ракета (ICBM) "Сармат" жана гипер үндүү "Циркон" ракетасы жакын арада Россиянын армиясына тапшырылат.
Коммерсант: АКШнын президенти Жо Байден, Вашингтон Москва менен ядролук куралдарды жайылтпоо жана климаттын өзгөрүшү сыяктуу жалпы кызыкчылыктуу тармактарда кызматташуусу керек деп эсептейт.
Интерфакс: Россиянын кемелери жана аба элементтери Жер Ортолук деңизинде аскерий маневр жасашты.