Дүйнөлүк басма сөз 23.06.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
France 24: Франциядагы президенттик шайлоо 2022-жылдын 10чу жана 24-апрелинде болот.
Le Monde: Дүйнөдө Ковид-19: Италия маска кийүү милдеттенмесин алып салат, Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму (ДССУ) Евро-2020га байланыштуу чектөөлөрдүн жеңилдетилишине тынчсызданууда.
Le Soir: Бельгияда коронавирус вакцинасын ачык түрдө четке каккан валлондорго ушул айдын аягынан баштап экинчи мүмкүнчүлүк берилет.
Stern: Германиянын канцлери Ангела Меркель коронавирустук вакцинанын экинчи дозасын алды.
travelnews.ch (Швейцария): Түркия туризм сезонун узартууну пландаштырууда.
Frankfurter Allgemeine Zeitung: Германияда Социал-демократиялык партия мектептерде чет тил катары түрк жана грек сабактарын да талап кылууда.
Eldustour: Жөөт отурукташуучулары Аль-Акса мечитине кол салышты, Кудс жана Батыш Шериада камакка алуулар болду.
Aljazeera: (Президент Режеп Таййип) Эрдоган: «Расизмдин вирусу "коронавируска караганда коркунучтуу, ал эми медиа жана укук коргоо уюмдары мусулмандарга каршы кол салууларды көрмөксөнгө салууда».
Elquds Elarabi: (АКШнын Коргоо министрлиги) Пентагондун «Патриот» системасын чыгарып кетиши Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн Россиянын С-400 (коргонуу тутуму) же Кытайдын X-Qiu-9га түртүшү мүмкүн.
Infobae, Аргентина: Америка Кошмо Штаттары Никарагуанын президенти Даниэль Ортега режимине кысымды күчөтүү үчүн мыйзам кабыл алууга даярданууда.
Telesur, Венесуэла: Россия менен Венесуэланын тышкы иштер министрлери стратегиялык мамилелерин тастыкташты.
ТАСС: Орусиянын Вашингтондогу элчилиги, АКШны жана анын союздаштарын Кара деңизде Sea Breeze - 2021 аскердик машыгуусун өткөрбөөгө чакырды.
Gazeta.ru: Түркия менен аба каттамдарынын кайрадан жанданаары жарыялангандан кийин Россияда Түркия турларынын баасы дээрлик эки эсе жогорулады.