Дүйнөлүк басма сөз 3.06.2021

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1650733
Дүйнөлүк басма сөз 3.06.2021

Zdf: Германияда карылар үйүндө иштегендердин эмгек акысы жогорулайт.

Süddeutsche Zeitung: Германияда коронавируска (Kovid-19) каршы вакцинаны артыкчылыктуу колдонуу 7-июнда аяктайт.

Deutsche Welle: Эл аралык Эмгек Уюму (ЭЭУ) Ковид-19 пандемиясынын кесепетинен дүйнө жүзү боюнча 100 миллиондон ашуун жумушчунун жакырчылыкка кабылганын билдирди.

el-Düstur (Иордания гезити): Америка Кошмо Штаттарынын Сенатынын айрым мүчөлөрү, Газага жардамдардын киришине уруксат берүүнү талап кылышты.

Аль-Кудс аль-Араби (Араб - Британ гезити): «Аялдарды өлтүргөн армия» ... Газадагы 39 шейиттин үрөй учурган окуясы.

Аль Рая Аль-Катария (Катар гезити): Түркия менен Катарды күчтүү институционалдык мамиле байланыштырып турат.

Le Monde: Израилде оппозициячыл лидер Яир Лапид өкмөттү түзүү үчүн коалиция түзгөнүн жарыялады.

Le Figaro: Социалдык тармактар ​​- баңгизат соодасынын жаңы түйүнү.

France 24: Францияда Orange кызмат провайдериндеги көйгөйдөн улам тез жардам номерлери бир нече убакытка иштебей калды.

El País (Испания): Франция 15-июндан баштап 12 жаштан 18 жашка чейинки жаштарга эмдөө жүргүзөт.

Infobae (Аргентина): (Венесуэлада өзүн убактылуу президент деп жарыялаган) Хуан Гуайдо Никарагуа оппозициясынын лидери Кристиана Чаморронун камакка алынышын айыптады.

Lenta.ru: Россияда жүргүзүлгөн сурамжылоолорго караганда, калктын көпчүлүгү мамлекеттин аз камсыз болгон жарандарга көбүрөөк колдоо көрсөтүшү шарты менен жогорку салыктарды төлөөгө даяр.

РБК: Россиядагы чет элдик инвесторлордун иши 2014-жылдын деңгээлине чейин төмөндөдү.

ТАСС: Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко, Россияда Ковид-19 пандемиясында үчүнчү толкун болбогонун жана бул оору өлкөнүн бардык аймактарында азайганын билдирди.



Тектеш кабарлар