Дүйнөлүк басма сөз 18.05.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Аль-Рая Аль-Катария: Катар Израилдин палестиналыктарга каршы чабуулун токтотууга чакырды.
Жаңы жашоо (Палестина - Батыш Шериа): Дүйнөлүк саламаттык Сактоо Уюму (ДССУ): «Медициналык инфраструктураны бардык шарттарда коргоо милдетибиз».
Аль-Ватан (Оман): Газа Израилдин кол салууларына туруштук берүүдө жана эл аралык коомчулукту Израилди ок атышпоого үндөөгө чакырууда.
Le Monde: Франциянын борбору Парижде Африка экономикасын өнүктүрүү боюнча саммит өтүп жатат.
Le Parisien: Франциянын саламаттык сактоо министри Оливье Веран «Сыртта маскаларды колдонуу качан бүтөт?» деген суроого «Жакында» деп жооп берди.
Le Figaro: Covid-19: Изилдөөгө ылайык, Pfizer жана Moderna эмдөөлөрү Индиянын вариантына каршы дагы деле күчүндө.
Deutsche Welle: Германиянын чалгындоо агенттиги Инстаграмга кирди: Германиянын тышкы чалгындоо кызматы BND жабык кутуча имиджинен чыгуу жана ытшка ачылуу стратегиясында дагы бир кадам жасап Instagram эсебин ачты. Уюм жаш таланттарга жетишүүнү көздөйт.
Tagessschau.de: Токио Олимпиадасы: Олимпиаданын өтүшүн каалабаган жапондордун саны күн санап көбөйүүдө. Спортчулар менен демөөрчүлөрдүн арасында күмөн саноолор көбөйүүдө. Өкмөткө кысым күчөп жатат.
Эль Паис, Испания: Испаниянын премьер-министри Педро Санчес июнь айында 50 жашка чейинки жарандар эмделе тургандыгын жарыялады.
Ла Вангардия, Испания: Испанияда бир айдан кийин ачык жерлерде маска кийүү милдеттүү болбой калышы мүмкүн.
Инфобае, Аргентина: Чилидеги шайлоодо сюрприз: Гендердик сандык теңдик жөнүндө мыйзамга ылайык, 11 аял эркектерге уткан орундуктарын бошотушу керек.
РИА Новости: Финляндия жаңылануучу энергияга өтүүнү пландаштырууда; ошондуктан Россиядан мунай сатып алууну кыскартат.
РБК жаңылыктар сайты: Россиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин биргелешкен атомдук электр станциясынын долбоорун башташат.
Регнум: Россиянын Роскомнадзор керектөөнү көзөмөлдөө боюнча улуттук кеңеши ар кандай мыйзам бузууларга байланыштуу Facebook жана YouTube компанияларына карата чектөө чараларын көрө алат.