Дүйнөлүк басма сөз 27.04.2021

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1629072
Дүйнөлүк басма сөз 27.04.2021

ard.de: Европа Биримдиги (Kovid-19) AstraZeneca компаниясына каршы вакцина сатып алуу келишимдерин бузгандыгы үчүн сотко кайрылган.

Deutsche Welle: Парижде жолуккан Германия жана Франциянын президенттери Франк-Вальтер Штайнмайер менен Эммануэль Макрон жаңы түрдөгү коронавирус пандемиясы менен оор мезгилди башынан кечирип жаткан Европа шашылыш түрдө «биримдик» болушу керек деген билдирүү жасашты.

zdf.de: Индияда коронавируска чалдыккандардын саны беш күн катары менен 300 миңден ашып рекорддук деңгээлге жетти.

ал-Кудс аль-Араби (Араб - Британ гезити): Германия: Расисттик эркек адам поездде сириялык өспүрүмгө кол салганы кыжырданууларга себеп болду.

аль-Кудс аль-Араби (Араб - Британ гезити): Сауд Арабиясынын падышасы Салман бин Абдулазиз Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамедди Сауд Арабиясына  чакырды.

ал-Райе аль-Катариййе (Катар гезити): Катар Сауд Арабиясынын коопсуздугун жана туруктуулугун чыңдоону колдойт.

Le Parisien: Франция Сovid-19: Индиянын вариантына жол бербөө үчүн Франциянын чек араларында көзөмөлдү күчөттү.

Le Figaro: Франция Индияга кычкылтек өндүрүүчү бөлүктөрүн жөнөтөт

Ле Темпс (Швейцария): Мурунку отставкадагы аскерлер (президент Эммануэль Макронго кат жазып) Франциядагы төңкөрүш көрүнүшүн (коркуу сезимин) кайрадан ойготушту

Ла Вангардия (Испания): Каталония аймагы мындан ары жети күн сайын 400,000 же 450,000 вакцина алууну күтүүдө.

ABC (Испания): Перулук окумуштуулар Перудан же Чилиден келип чыккан жана башка өлкөлөргө «жайылып» кеткен Covid-19 жаңы вариантынын үстүндө иштеп жатышат.

Пренса Латина (Куба): Парламенттик Тергөө комиссиясы бүгүн Бразилиядагы Ковид-19 эпидемиясынын тушунда президент Жаир Болсонаронун өкмөтүнүн мүмкүн болгон мыйзам бузууларын иликтөө үчүн кызматына киришет.

РИА Новости: Россиянын Тышкы иштер министрлиги майдын аягына чейин Ачык асман келишиминен чыгарын жарыялады.

ТАСС: Франциянын президенти Эммануэль Макрон Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Парижде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен болгон жолугушуусун түшүндүрдү.

Коммерсант: Россиянын Түз инвестициялар фонду (RDIF) жаңы түрдөгү коронавируска каршы иштелип чыккан Sputnik V вакцинасын Индияга 1-майга карата экспорттоону пландаштырууда.



Тектеш кабарлар