Дүйнөлүк басма сөз 26.04.2021

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1628190
Дүйнөлүк басма сөз 26.04.2021

Аль-Рая Аль-Катария (Катар): Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Америка Кошмо Штаттарынын президенти (АКШ) Жо Байден эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жөнүндө макулдашышты.

ВАТАН (Оман): АКШнын президенти Жо Байдендин геноцид мүнөздөмөсүнөн кийин АКШнын элчиси (Түркиянын) Тышкы иштер министрлигине чакыртылды.

Аль-Мустакбал (Ливан): (Ирактын борбор шаары) Багдаддагы ооруканада чыккан өрттөн кийин саламаттыкты сактоо министри жана Губернатор кызматтан алынып, аларга карата тергөө башталды.

Bild: Антоний Хопкинс 29 жылдан кийин "Мыкты актер" Оскарын жеңип алды.

Deutsche Welle: Германия Индияга Ковид-19га каршы күрөшүүсүнө жардамынын алкагында кычкылтек заводунун курулуусу үчүн жабдууларды жөнөтүп жатат.

Spiegel: Оскар сыйлыгын тапшыруу аземи: Мыкты тасма сыйлыгын "Нормадланд" алды.

France 24: Францияда Ковид-19 чараларынын алкагында көптөн бери (4 жума) жабык турган башталгыч мектептер жана бала бакчалар бүгүн кайрадан ачылууда.

Le Monde: Ковид-19: Европа Биримдиги, эмделген америкалык туристтерге чек арасын ачууга даяр.

Le Parisien: Франциянын футбол боюнча 1-лигасы (Лига 1): Улуттук футболчу Бурак Йылмаз эки гол жана бир пас берген беттеште Лилль командасы Лионду 3-2 эсебинде утуп чемпиондукка бир кадам жакындады.

El País, Испания: Түркия, (АКШнын президенти Жо) Байдендин армян геноциди мүнөздөмөсүн четке кагып, АКШнын элчиси Тышкы иштер министрлигине чакыртылды.

El Mundo, Испания: Ковид-19 Европа: Вакцинация азырынча чараларды жеңилдетүүгө жол бербейт, "анын варианттарын олуттуу түрдө карап чыгуу керек".

Риа Новости агенттиги: Россиянын Федералдык космос агенттиги (Роскосмос) Британияга таандык 36 байланыш спутнигин учурду.

Коммерсант: Россия бензин экспортун бир канча убакытка чектеши мүмкүн.

Lenta.ru: Россиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова, Чехиянын колунда Россияны Врбетицедеги жарылуу боюнча айыптоо үчүн кандайдыр бир далили жок экенин айтты.



Тектеш кабарлар