Дүйнөлүк басма сөз 22.04.2021

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1626091
Дүйнөлүк басма сөз 22.04.2021

Zdf: Германияда коронавируска каршы бирдей чараларды көрүүнү көздөгөн мыйзамдуу түзөтүү парламентте кабыл алынды.

Welt: Россиянын президенти Владимир Путин Батышты өлкөсүнүн кызыл чектеринен өтпөөнү эскертти.

Spiegel: Европа Биримдиги (ЕБ) парник газдарынын эмиссиясынын 2030-жылга чейин 1990-жылга салыштырмалуу 55 пайызга азайтуу боюнча макулдашты.

Elraya: Катар, Түркия жана Бириккен Улуттар Уюму Стамбул конференциясынын жылдырылгандыгын билдиришти.

Aljazeera: Чад... Оппозиция Чаддын президенти Идрис Дебинин өлтүрүлүшүнөн кийин аскердик кеңештин чечимин четке какты. Эл аралык күчтөр болсо тынчтык жолу менен өтүүгө үндөштү.

Elquds Elarabi:: Сириянын Химиялык куралга тыюу салуу уюмуна мүчөлүгү "режимдин химиялык кылмыштарына" байланыштуу токтотулду.

El País (Испания): Мадридде 4-майда өтүүчү жергиликтүү парламенттик шайлоонун алдында түз эфирде жолугушкан талапкерлер, Ковид-19дун өлүм көрсөткүчтөрүн бири-бирине каршы колдонушту.

El Universal (Мексика): Жетекчилер Идальго аймагында кеминде 3 Ковид-19 варианты бар деп эскертишти.

Milenio.com (Мексика): АКШнын вице-президенти Камала Харрис июнь айында Мексикага барат.

Le Monde: Ковид-19: Франциянын президенти Эммануэль Макрон AstraZeneca вакцинасына болгон ишенбөөчүлүктү жоюуну каалайт.

France 24: Эммануэль Макрон Чаддын президенти Идрис Дебинин тажыясына катышат.

Le Figaro: Индия бейтаптардын саны менен дүйнөлүк рекордду жаңылады, 24 сааттын ичинде болжол менен 315.000 жаңы учур катталды.

Риа Новости агенттиги: Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Федералдык парламентте сүйлөгөн сөзүндө, Россияга каршы чагымчыл аракеттерге даярданып жаткандарды бул саясаттын терс кесепеттери жөнүндө эскертти.

Известия : Чехиянын тышкы иштер министри Якуб Кулханек депортацияланган бардык чех дипломаттарын Орусияга кайра киргизүүнү талап кылды.

ТАСС агенттиги: Россия АКШ элчилигинин 10 кызматкерин өлкөдөн чыгарууда. АКШнын Россиядагы элчиси Москвадагы резиденциясынан чыгып кетти.



Тектеш кабарлар