Дүйнөлүк басма сөз 19.04.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Аль-Рая Аль-Катария (Катар): Президент Режеп Таййип Эрдоган: Ушул убакка дейре 20 миллион жараныбыз (коронавируска каршы) эмдөөдөн өттү.
ВАТАН (Оман): Пандемиянын кесепетинен дүйнө жүзү боюнча төрөт абдан төмөндөдү.
Аль-Мустакбал (Ливан): Америка Кошмо Штаттары: Биз Иранга каршы санкцияларды өзөктүк келишимге ылайык келмейинче алып салбайбыз.
El País (Испания): Kovid-19: Британиялык вариант буга чейин Испаниядагы жуктурган учурлардын 80 пайыздан ашуунуна себеп болду, бирок ооруканаларды катуу кыйроого алып келген жок.
Ла Вангардия (Испания): Мадриддеги кризистен жапа чеккен миңдеген үй-бүлөлөр Испаниянын эң бай аймагындагы гуманитардык жардам уюмдарына муктаж.
El Comercio (Эквадор): Эквадордун Улуттук шайлоо кеңеши: «Гильермо Лассо расмий түрдө Эквадордун шайланган президенти».
Deutsche Welle: Германиянын Президенти (Франк-Вальтер) Штайнмайер: «Кыйынчылыкты баскан коом андан жапа чегет». Германиядагы корона пандемиясында каза болгондорду эскерүү үчүн борбор шаар Берлинде расмий азем өттү.
Франкфуртер Рундшау: Май айында Германияда эмдөөгө артыкчылык берилбейт. Тобокел тобуна карабастан, чоңдорго эмдөө жүргүзүлүшү мүмкүн.
Süddeutsche Zeitung: Христиан-демократиялык биримдикте (CDU / CSU) бөлүнүп кетүүдөн коркуу. Германияда христиан-социалдык биримдик партиясынын (CSU) төрагасы Маркус Седердин жана Христиан-демократиялык биримдик партиясынын (CDU) төрагасы Армин Лашеттин премьер-министрлик үчүн айыгышкан жарышы «христиан-демократиялык биримдиктин» ичинде чыңалууну жаратууда.
Le Parisien: Америка Кошмо Штаттарында, чоңдордун жарымы вакцинанын жок дегенде бир дозасын алышкан.
France 24: Франциянын президенти Эммануэль Макрон Россия менен так кызыл сызыктарды каалай тургандыгын айтты.
Риа Новости агенттиги: Россиянын Тышкы иштер министрлиги Чехиянын 20 дипломатын нон грата (кааланбаган адам) деп жарыялады.
RT жаңылыктар сайты: (Россия парламенти) Думанын төрагасы Сергей Володин АКШ Россияга каршы өнөр жай жана энергетика жаатында жаңы санкцияларды киргизиши мүмкүн деп билдирди.