Дүйнөлүк басма сөз 24.03.2021

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1607333
Дүйнөлүк басма сөз 24.03.2021

Süddeutsche Zeitung: Германия Кытайдын Берлиндеги элчисин, Кытайдын немис эл өкүлдөрү жана илимпоздоруна каршы киргизген санкцияларына каршы Тышкы иштер министрлигине чакырды.

«Welt» гезити: Коронавирустук (Ковид-19) вакцина: Европа Комиссиясы экспорттук көзөмөлдү күчөтүүнү каалайт.

Ard: Германияда жүргүзүлгөн изилдөөгө караганда, өкмөттүн Ковид-19 саясатына каршы нааразычылыктар, журналисттерге каршы кол салуулардын да көбөйүшүнө алып келди.

Le Soir: Ковид-19: Бельгиянын Намур шаарында полиция, 10дон ашуун адам чогулса аларга кылмыш ишин козгойт.

Le Monde: Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Ковид-19 вакцинасы ишембиден баштап 70 жаштан жогорку курактагы бардык адамдарга жеткиликтүү боло тургандыгын билдирди.

France 24: Европада саламаттык сактоо чараларына каршы демонстрациялар болуп жатканда француздар эмне үчүн ушунчалык тынч?

Эль Мундо (Испания): Пфизер коронавируска (Ковид-19) каршы дарынын клиникалык сыноолорун баштады.

La Jornada (Мексика): Мексиканын президенти Лопес Обрадор өлкөдөгү губернаторлор менен "Демократия боюнча улуттук келишимге" кол койду. Шайлоолорду эркин жана элдин эркине ылайык чөйрөдө өткөрүүнү камсыз кылуу аракеттери көрүлөт.

Ла Терсера (Чили): Бразилиянын мурунку президенти Лула да Силванын жаңы жеңиши: Жогорку сот, судьянын (коррупция боюнча соттолгон) доодо Да Силвага карата "калыс" иш жасады деген көз карашын билдирди.

Al Jazeera: Ооганстандын президенти Ашраф Гани мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүнү сунуштоодо. Ал эми Британия болсо тынчтык келишимине кол коюудан мурун аскерлерин өлкөдөн чыгарып кетүүдөн баш тартууда.

Аль-Кудс Аль-Араби: Израилдин согуштук учактары Газа тилкесине кол салышты.

"Коммерсант" гезити: Россиянын президенти Владимир Путин коронавирустук вакцинанын биринчи дозасын алды.

Lenta.ru: Кытай бажысы орусиялык деңиз азыктарын, таңгактарында коронавирус табылгандыгы үчүн артка кайтарды.

Риа Новости: Евро курсу, февраль айынын аягынан бери биринчи жолу 91 рублдан жогору көтөрүлдү.



Тектеш кабарлар