Дүйнөлүк басма сөз 23.03.2021

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1606453
Дүйнөлүк басма сөз 23.03.2021

Le Monde: Коронавирус (Ковид-19) эпидемиясы Франциянын Иль-де-Франс аймагында тездик менен жайылууда.

France 24: Дүйшөмбүдө жарыяланган бир изилдөөгө караганда, Ковид-19дан улам ооруканага түшкөн үч бейтаптын кеминде бирөөсү, ар кандай органдардын жабыркашы жана психологиялык көйгөйлөр менен ден-соолуктарынын туруктуу таасирленгендиги байкалууда.

Le Monde: Кытайдын Франциядагы элчиси, мазактаган сөздөрү үчүн 'Куай д'Орсейге' (Франциянын Тышкы иштер министрлигине) чакыртылды.

El País (Испания): Ковид-19га каршы иштелип чыккан вакцинанын топтолгон жана пландаштырылган дозалары июнь айында испан калкынын 70% эмдөөгө мүмкүндүк берет деп болжолдонууда.

Infobae (Аргентина): Венесуэланын Улуттук фармацевтикалык академиясы, кубалык вакцина сыноолорунун Ковид-19га каршы тобокелдиги жөнүндө эскертти.

La Jornada (Мексика): Мексикада (кытайлык Cansino Biologics компаниясынан сатылып алынган) CanSino вакциналары таркатыла баштады.

Алжазира: Израилдиктер акыркы эки жылда төртүнчү жолу шайлоодо добуш беришүүдө.

Аль-Кудс Аль-Араби: Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху: «Толук эгемендүү Палестина мамлекети түзүлбөйт»,-деди.

Аль-Рая (Катар): Түркия жыйынынын кийинкисинде Американын планы талкууланат. АКШ Конгресси Ооганстандан чыгып кетүү үчүн "чыныгы планды" талап кылууда.

Deutsche Welle: Германияда маска чыры күчөп жатат. Расмий мекемелерди маскалар менен камсыз кылууда ортомчулук кылган айрым депутаттар пайда болгондон кийин саламаттык сактоо министри Женс Шпандын жубайы Даниэль Функе иштеген Бурда тобунун министрликке беткап сатышы талаш-тартыш жаратты.

Süddeutsche Zeitung: Германияда Ковид-19га каршы карантиндик чаралар 18-апрелге чейин узартылды.

Франкфуртер Рундшау: Коронавируска каршы иштелип чыккан Astrazeneca вакцинасын алган айрым адамдардын каза болгондугу жөнүндө кабарлар чыккандан кийин Оксфорд университети изилдөөнүн жыйынтыктарын коомчулук менен бөлүштү жана вакцинанын эффективдүү экендигин көрсөттү.

РИА Новости: Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелль, Москванын Брюссельден "барган сайын" алыстап баратканын айтты.

«Коммерсант» гезити: Британия Орусияны "Европанын коопсуздугуна эң чоң өзөктүк жана аскердик коркунуч" деп эсептейт.

ТАСС агенттиги: Болгария Орус элчилигинин эки кызматкерин нон грата деп жарыялады. Дипломаттардан 72 сааттын ичинде өлкөдөн чыгып кетүүлөрү талап кылынды.



Тектеш кабарлар