Дүйнөлүк басма сөз 17.03.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Le Monde: Франциянын премьер-министри Жан Кастекс, коронавирустун (Ковид-19) Францияга "көптөгөн варианттары менен" "үчүнчү толкун түрүндө" киргенин билдирди.
France 24: Европанын дары-дармектер агенттиги (EMA), AstraZeneca вакцинасынын пайдалары тобокелдиктен жогору экенин айтты.
Le Soir: Коронавирус: Бельгияда AstraZeneca вакцинасы сайылгандан кийин алты кан көйгөйү катталды.
RND: Газ маселеси - Афина менен Анкара диалог үчүн орток пайдубал издеп жатат.
Dpa: Корона таасири - Германия 2020-жылы климаттык максатын ишке ашырды.
Süddeutsche Zeitung: Европанын дары-дармектер агенттиги EMA: «Astra Zeneca вакцинасынын пайдалары дагы деле тобокелдиктен жогору».
Aljazeera: Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху эртең (18.03.2021) Бириккен Араб Эмираттарына барууну пландап жатат жана 4 араб өлкөсү менен жаңы нормалдашуу мамилелери жөнүндө сүйлөшөт.
Aljazeera: Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик: «Иран уранды Натанз шаарында заманбап шаймандар менен байыта баштады».
Аль-Кудс Аль-Араби: Сириянын Адам укуктары боюнча обсерваториясы: «Сирия режиминин 21 жоокери Дараада куралдуу кишилердин буктурмасына кабылды».
РЕГНУМ: Россиянын Тышкы иштер министрлиги: «Россия менен Түркиянын кызматташтыгы өз ара урмат-сый принцибине негизделген».
Риа Новости: Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) чалгындоо кызматы, Россия шайлоо учурунда АКШнын президенти Жо Байденге тоскоол болууга аракет кылган деп күнөөлөдү.
"Коммерсант" гезити: Украинанын Чек ара коопсуздугу агенттиги, Россияны аба мейкиндигин бузду деп айыптады.
Lenta.ru: Европанын 'вакцина паспортуна' Россиянын Sputnik V вакцинасы киргизилет.
Эль Мундо: (Испания) Испаниянын экономика министри Йоланда Диас, Подемос партиясынын лидери Пабло Иглесиас бошоткон вице-премьер-министрдин кызматын алат.