Дүйнөлүк басма сөз 15.03.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Аль-Рая Аль-Катария (Катар): Катардын координациясы менен Стамбулда келерки айда Ооганстан боюнча жыйын өтөт.
ВАТАН (Оман): Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус программасын көбүрөөк колдоого чакырат.
Аль-Мустакбал (Ливан): Лондон Сириянын президенти Башар Асаддын аялынын Улуу Британиянын жарандыгын алып салууну жана аны терроризмге каршы күрөшүүнүн чегинде кароону карап жатат.
Deutsche Welle: Германиядагы реанимация бөлүмдөрүндө кызматкерлердин жетишсиздиги күч алууда.
Zeit Online: Германияда коронавирус чараларына нааразычылык акцияларында 12 полиция жаракат алды.
Spiegel Online: ЕБ Комиссиясынын төрага орун басары Франс Тиммерманс: Эмдөө стратегиясында катачылыктар болду.
Ла Разон (Боливия): Прокуратура Боливиянын экс-президенти Жанин Аньеске 6 айлык камакка алуу талабын койду.
Эль Мундо (Испания): Латын Америкасы АКШ менен Кытайдын ортосундагы дүйнөлүк гегемония үчүн жаңы майданга айланды.
Эл Паис (Испания): (АКШ президенти Жо) Байден АКШнын Мексика чек арасына келген иммигрант балдардын көптүгүнөн улам, өзгөчө кырдаалды күн тартибине киргизип жатат.
Le Parisien: Kovid-19: Франциянын Илимий комитети акыркы корутунду билдирүүсүндө «аймактык» стратегияны сунуштады.
Le Monde: Жакынкы Чыгыш курал сатуучулардын жарыш жерине айланган. Дүйнөдөгү үчүнчү ири курал экспорттоочу Франциянын курал сатуусу 2016-2020-жылдар аралыгында 44% га өстү.
Ле Фигаро: (Франциянын премьер-министри Жан) Кастекс (өлкөдөгү пандемияга байланыштуу) «кризистен чыгуу планын түзүү» үчүн профсоюздар жана жумуш берүүчүлөр менен жолугушат.
ТАСС: Россия жана АКШ дүйнөдөгү эң ири курал экспорттоочу өлкө бойдон калууда.
Извесия: ФИФА орусиялык үч спортсменге каршы допинг иликтөөсүн баштады.