Дүйнөлүк басма сөз 9.03.2021

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1597572
Дүйнөлүк басма сөз 9.03.2021

Le Parisien: Пари Сен-Жермен - Башакшехир беттешүүсүндөгү расисттик сөздөр боюнча айыпталган калыс сезондун аягына чейин четтетилди.

Le Soir: Бельгиянын Гент университетинде үйрөтүлгөн иттер коронавирусту аныктай алышат. (Иттер 95% тактыкка жетет. Ошондой эле коронавирустун жаңы варианттарын да аныктай алышат)

France 24: АКШлык жетекчилер, эмдөөдөн өткөн адамдардын беткапсыз жолугуша алаарын айтып жатышат.

Аль-Дустур (Иордания гезити): (АКШнын Миннесота штатынын Миннеаполис шаарында былтыр 25-майда Африка тектүү) Жорж Флойдду өлтүргөн полициянын соту башталды.

Аль-Кудс аль-Араби (Араб - Британ гезити): Дүйнө жүзү коронавирустун төртүнчү толкунунун алдында турат.

Аль Рая Аль Катария (Катар гезити): Катар аялдар менен эркектердин тең укуктуулугунда чоң ийгиликтерге жетишти.

Frankfurter Allgemeine Zeitung: Швейцарияда паранжы кийүүгө тыюу салынууда.

Bild гезити: Христиан-демократиялык партиясынын CDU депутаты Николас Лөбел, беткап паракорчулугуна байланыштуу партиясынан кетти.

Infobae (Аргентина): Хуан Гуайдонун убактылуу өкмөтү АКШ тарабынан венесуэлалык иммигранттарга бериле турган Убактылуу коргоо статусуна кубанды: «Бул шашылыш жана зарыл чара» деп билдирди.

РБК: Россиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова, принц Гарри жана Меган Марклдын америкалык алып баруучу Опра Уинфри менен CBS телеканалындагы маегин "сахна жасалгаларынын оодарылышы" деп мүнөздөдү.

Российская газета: Sputnik-V вакцинасын тапкан компания, орус вакцинасынын Австрияда шашылыш колдонууга уруксат берилиши ыктымалдуулугун "орус рулеткасына" окшоштурган Европанын Дары-дармектер агенттигинин (EMA) башчысы Криста Виртхумер-Хохенин кечирим сурашын күтүп жатат.

Lenta.ru: АКШнын Космос операцияларынын башкы генералы Жон В.Реймонддун The New York Times гезитине берген маегине караганда, Россия менен Кытайдын космостук чөйрөдөгү потенциалы Вашингтонду тынчсыздандырууда.



Тектеш кабарлар