Дүйнөлүк басма сөз 24.02.2021

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1589623
Дүйнөлүк басма сөз 24.02.2021

Deutsche Welle: Түркия, Эгей сууларында изилдөөлөрдү жүргүзгөн Түрк деңиз күчтөрүнүн Чешме кемесинин грек учактары тарабынан кысымга алынгандыгын билдирди.

Tagesschau: Германияда Федералдык өкмөт менен провинциялар, эмдөө тизмесинде мугалимдерге артыкчылык берилиши боюнча макулдашышты.

Аль-Кудс Аль-Араби: Эгейде жаңы чыңалуу... Грециянын аскердик учактары түрк кемесин токтотту жана Анкара дароо жооп кайтарды.

Аль-Дустур (Иордания): Иран, ишканаларында атайын текшерүүгө уруксат берүүчү өзөктүк келишимге тиркелген кошумча протоколдон чыкканын билдирди.

AL Jazeera: АКШнын президенти Жо Байден менен Ирактын премьер-министри Мустафа Аль-Казыми биринчи сүйлөшүүдө ракеталык чабуулдарды токтотуу жана ДЕАШка каршы күрөшүүнү талкуулашты.

Le Parisien (Франция): Kovid-19: Париждин берки эл көп жүргөн көчөлөрүндө да алкоголдук ичимдиктерге тыюу салынышы мүмкүн.

Ле Фигаро (Франция): Ооруга чалдыккандардын саны орточо көрсөткүчтөн 4 эсе көп болгон Дюнерке шаары жаңы чектөөлөрдөн кооптонууда.

Le Monde (Франция): 500 миң француздун медициналык маалыматтары интернетте тарап кетти.

El Pais: (Испания), Испаниядагы коалициялык өнөктөш Подемос партиясынын лидери Пабло Иглесиас, ижара акысынын жогорулашын чектебеген турак жай мыйзамын кабыл албай тургандыгын премьер-министр Санческе билдирди.

TeleSur: (Венесуэла) Эквадор түрмөлөрүндөгү баш аламандыктардын натыйжасында камактагы 75 киши каза болду.

"Коммерсант" гезити: Россиянын мамлекеттик карызы 2020-жылы 40 пайызга өстү.

Ведомости жаңылыктар сайты: Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Карабах согушунда колдонулган россиялык "Искандер" ракеталарынын ишке жарабаганын билдирди.

Lenta.ru жаңылыктар сайты: Орион программасынын жардамы менен орусиялык хакерлер уюштурган деген кибер чабуулдан 100 америкалык компания жана 9 мекеме жабыркады.



Тектеш кабарлар