Дүйнөлүк басма сөз 23.02.2021

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1588877
Дүйнөлүк басма сөз 23.02.2021

Le Monde: Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) 1965-жылдын 21-февралында кол салууга дуушар болуп көз жумган саясатчы жана укук коргоочу Малколм Хтин үй бүлөсү бул боюнча тергөөнүн кайрадан башталышын талап кылды.

France 24: Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (WHO) «Бай өлкөлөр, жакыр өлкөлөргө вакциналардын таркатылышына тоскоол болушууда» деп айыптап жатат.

Le Soir: АКШнын президенти Жо Байден, коронавирустан каза тапкандардын саны жарым миллиондон ашкандыктан желектерди жарымына чейин түшүрүүгө буйрук берди.

Аль-Рая Аль-Катария (Катар): Илимпоздор: «Эмдөө процесстеринин жай жүргүзүлүшү жаңы түрлөрдүн пайда болушун арттырат».

ВАТАН (Оман): Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму: «Массалык иммунитетке ээ болуу азырынча мүмкүн эмес».

Аль-Мустакбал (Ливан): Ирандын лидери Али Хаменей: «Эч ким Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна тоскоол боло албайт»

Эль Паис, Испания: " Персеверанс" (НАСАнын Марска жөнөткөн космостук кемеси) тарыхта биринчи жолу Марска конуп жаткандыгын көрсөткөн видео тартты.

Эль Мундо, Испания: Венесуэла: «Европа Биримдиги Чавистанын 19 башкаруучусуна, сотторуна, аскерлерине жана полициясына каршы санкцияларды киргизди» деп билдирди.

Frakfurter Allgemeine Zeitung: Германиянын Кельн шаарында Ханаудан курман болгондордун фотосүрөттөрүнө кол салуу болду.

RTL Online: Германияда (Ковид-19 чараларынын алкагында) 10 штатта бала бакчалар жана башталгыч мектептер ачылды.

Tagesschau: Улуу Британия (Ковид-19го байланыштуу киргизилген) бардык чектөөлөрдү 21-июнда алып салат.

Вести гезити: Россиянын Sputnik V вакцинасы Кыргызстанда катталды.

Lenta.ru: Россиянын президенти Владимир Путин менен Беларустун президенти Александр Лукашенко Орусиянын Сочи шаарында 6 сааттан ашык убакытка созулган жолугушуу өткөрүштү.

"Известия" гезити: АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс, АКШнын Орусия тарабынан жүргүзүлгөн "Түндүк Агым-2" жаратылыш газ кууру долбооруна каршы чыгышынын бирден-бир себеби геосаясат болгонун айтты.



Тектеш кабарлар