Дүйнөлүк басма сөз 11.02.2021

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1581441
Дүйнөлүк басма сөз 11.02.2021

France 24: Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Евробиримдиктин Ковид-19 вакциналары темасындагы ийгиликсиздигин моюнга алганын билдирген.

Le Monde: Көзүнөн ажыраган Жером Родригес да арасында болгон сары кемселчендерге каршы зомбулук көрсөткөн эки полиция кызматкерине карата тергөө башталганын кабарлаган.

Телесур, Венесуэла: Түркиянын 2023-жылы Айга космостук миссиясын аткара турганын маалымдаган.

Эль Паис, Испания: «Европа Биримдиги, фармацевтикалык компанияларды (Covid-19 үчүн) вакцина өндүрүү көлөмдөрүн ашыкча көбөйтүп жатышат деп айыптоодо. Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула Фон дер Ляйен келишим түзгөн компанияларга өтө ишенгендерин моюнга алды» деп жазган.

La Vanguardia, Испания: Испаниялык ханбийке Леонордун лицейди Британиянын Уэльс шаарында окуй турганын билдирген.

Deutsche Welle: Германиянын айдоочусуз унааларды жол кыймылына алып чыгууга даярданып жатканын кабарлаган.

Wienerzeitung.at: «Евробиримдик 750 миллион евролук жардам пакети үчүн жашыл жарык жакты. Бул пакет менен Европа Биримдиги корона кризисинен улам келип чыккан экономикалык көйгөйлөргө каршы турууда. Бирок бул жардамдарды берүү үчүн көптөгөн тоскоолдуктарды ашып өтүү керек» деп жазган.

Tagesschau: Германияда корона чектөөлөрү 7-мартка чейин узартылганын маалымдаган.

Аль-Кудс Аль-Араби: Бир жуманын ичинде Ливиянын жээктеринде1500дөн ашуун качкындын куткарылганын билдирген.

Аддустур (Иордания): Европа Биримдиги Израилден отурукташуу ишин токтотууну талап кылганын кабарлаган.

Аль-Рая (Катар): (Перс булуңуна сапарынын алкагында Омандын борбор шаары Маскатка барган) Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу: «Бирдиктүү жана туруктуу Перс аймагын каалайбыз» деп айтканын жазган.

Риа Новости: Орусиянын Вашингтондогу элчилиги АКШнын армиясын Кара деңизде болуу үчүн шылтоо издөөнү токтотууга чакырганын маалымдаган.

ТАСС: «Адистердин айтымында, Улуу Британияда мутацияланган коронавирустун Россияда жаздын ортосунда жайыла башташы мүмкүн» деп билдирген.

Известия: Орус жана түрк аскерлеринин Идлибде биргелешкен машыгуу өткөргөндөрүн кабарлаган.



Тектеш кабарлар