Дүйнөлүк басма сөз 26.01.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
N-TV: Германия мутацияланган коронавируска (Ковид-19) каршы чара көрүп жатканын билдирген.
FAZ: Италиянын премьер-министри Жузеппе Контенин кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазгысы келгенин кабарлаган.
Le Figaro (Франция): Франциянын президенти Эммануэль Макрон чет өлкөлүк ишкерлерге, өлкөдөгү реформаларды улантууга байланыштуу убада бергенин жазган.
France 24 (Франция): «Чыгыш Жер Ортолук деңизи: Түркия Греция менен "көйгөйлөрдү чечүүнү" каалайт» деп маалымдаган.
France 24 (Франция): Грециянын Франциядан наркы 2,5 миллиард евролук 18 Rafale согуштук учагын сатып ала турганын билдирген.
Аль-Рая (Катар): БУУнун Балдарга жардам фонду (ЮНИСЕФ): «Сириялык балдардын жарымы билимге ээ эмес» дегенин жазган.
Аль-Рая (Катар): «Багдад аэропортунун жанына 3 ракета атылды жана террордук уюм ДАЕШка каршы коопсуздук операциясы башталды» деп кабарлаган.
Аль-Кудс Аль-Араби: Израилдин чалгындоо министри Эли Коэн жетектеген Израилдин делегациясы Суданга барганын маалымдаган.
Аль-Дустур (Иордания): Америка Кошмо Штаттарынын президенти (АКШ) Жо Байден: «Жай айларында биз Ковид-19га каршы тобу менен иммунитетке ээ болууга жакындайбыз» дегенин билдирген.
Эль Мундо: (Испания) Испаниянын Виллена түрмөсүндө кырдаал курч: Камактагылардын 60% Ковид-19дан улам карантинге алынды» деп кабарлаган.
TeleSUR: (Венесуэла) Эквадордун Башкы прокурордугу расмий Твиттердеги аккаунтунан экс-вице-президент Хорхе Гластын Улуттук юстиция сотунун Кылмыш соту тарабынан сегиз жылга эркинен ажыратылгандыгын билдиргенин жазган.
Риа Новости агенттиги: "Новичок" уулуу химиялык куралын жасагандардын бири Леонид Ринк, Ковид-19га каршы эффективдүү дары чыгарууну пландаштырганын маалымдаган.
"Ведомости" гезити: Россиянын президенти Владимир Путин коронавируска байланыштуу чектөөлөрдүн бара-бара жоюлушу мүмкүн экенин билдиргенин жазган.
Lenta.ru: Азербайжандын вице-президенти Хикмет Гажиев, Тоолуу Карабахта кызмат өтөп жаткан Россиянын тынчтык күчүнүн профессионалдуу иштеп жататкандыгын айтканын кабарлаган.