Дүйнөлүк басма сөз 22.01.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача малыматтар.

Аль-Рая Аль-Катария (Катар): Египет Катар менен дипломатиялык карым-катнаштардын кайрадан башталганын билдиргенин жазган.
ВАТАН (Оман): «Мутацияланган коронавирус 60 өлкөгө жайылууда ... жана Британия өлүм көрсөткүчү боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат» деп кабарлаган.
Эль-Мустакбал (Ливан): АКШда коронавирустан каза тапкандардын саны Экинчи Дүйнөлүк согушта курман болгон аскерлердин санынан ашып кеткенин билдирген.
N-TV: Европа Парламенти «Түндүк Агым 2» токтотулсун деп чакыруу салганын маалымдаган.
Deutsche Welle: Европа Биримдигинин лидерлери мутацияланган вируска каршы биргелешкен стратегия издеп жатышканын кабарлаган.
Риа Новости агенттиги: Венгрия Россиянын Sputnik-V вакцинасын колдонууга расмий уруксат берген биринчи Европа Биримдиги мамлекети болгонун билдирген.
ТАСС агенттиги: Европа парламенти (орусиялык оппозициячыл саясатчы) Алексей Навальныйдын камакка алынышына байланыштуу Орусияга каршы санкцияларды киргизүүгө жана «Түндүк агым-2» жаратылыш газы долбоорун блокадага алууга чакырганын кабарлаган.
RuNews24.ru: Орустар кышкы эс алуусун өткөрүү жана үй сатып алуу үчүн Түркияны мурункуга караганда көбүрөөк тандашканын жазган.
Эль Мундо (Испания): «Ковид-19дун үчүнчү толкуну Испаниянын реанимация кызматында тыгын жаратты, палаталар бейтаптардын талаптарына жетише албай жатса, адистер дагы катаал чектөөлөрдү талап кылышууда» деп билдирген.
El Pais (Испания): «Ковид 19: Испаниядагы аймактык өкмөттөрдөгү укуктук кемчиликтер, айрым адамдардын жана топтордун негизсиз эмдөөдөн өтүшүнө жана жазаланбай калышына алып келүүдө» деп кабарлаган.
El Nacional (Венесуэла): Венесуэлада Николас Мадуро режими, Гайана менен болгон чек ара чатагы боюнча сот жараянын 3 айга кечиктирүүнү талап кылганын маалымдаган.
Le Monde: Франция жекшемби күндөн тарта ЕБнин бардык жүргүнчүлөрү үчүн ПЦР тесттин милдеттүү түрдө талап кыларын билдирген.
France 24: (АКШнын президенти болуп шайланган Жо) Байдендин инаугурациясына каршылык көрсөтүүнү каалаган (экс-президент Дональд) Трамптын тарапкерлери жалгыз калышканын жазган.