Дүйнөлүк басма сөз 15.01.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Spiegel: Жакында кызматын өткөрүп ала турган АКШнын президенти Жо Байден 1,9 триллион долларлык коронавирустук жардам пакетин пландаштырып жатканын билдирген.
Deutsche Welle: Жарым өткөргүчтөрдүн жетишсиздиги унаа өндүрүшүндө тыгындарды жаратып жатканын маалымдаган.
Ard: «Германиянын канцлери Ангела Меркель убакытты текке кетиргиси келбейт. Тез жуккан коронавирустун мутациясына байланыштуу Меркель провинциялардын премьер-министрлери менен жолугушуп, катуураак чараларды талкуулагысы келет» деп жазган.
Элдустур: Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, пандемиянын экинчи жылы катаал болушу мүмкүн экенин билдиргенин маалымдаган.
Элкудс: Баскынчы (Израиль), өз жерлерин (еврей) тургундардын кол салууларынан коргоого аракет кылган палестин айылдарынан өч алып жатканын кабарлаган.
Элватан: Кувейт мунайынын баасы көтөрүлүп кеткенин билдирген.
Эль-Паис (Испания): «(Коронавирус пандемиясында) Үчүнчү толкун Рождестводон бери өсүп келе жатат: Ооруну жуктургандардын саны үч эсеге, ооруканага жаткырылгандардын саны эки эсеге көбөйдү» деп жазган.
Пренса Латина (Куба): Аргентинанын президенти, бойдон алдыруунун мыйзамдаштырылышын бекиткенин маалымдаган.
Infobae (Аргентина): Иран режими Венесуэладагы армиясын машыктыруу үчүн офицерлерди жибергенин билдирген.
France 24: «Ковид-19: Айрым аймактардагы саат 18ден кийинки коменданттык саат ишембиден баштап Франциянын жалпысын камтый тургандай түрдө кеңейтилди» деп кабарлаган.
Le Monde: Бразилиянын президенти Жаир Болсонаро (Франциянын президенти Эммануэль) Макронду сояга байланыштуу "акылсыз билдирүүлөрдү жасады" деп айыптаганын жазган.
Lenta.ru (Россия): Твиттер, Россиянын коронавируска каршы иштеп чыккан 'Sputnik V' вакцинасынын баракчасын жаап салганын билдирген.
ТАСС агенттиги: Россиянын жарандарынын жана жеке ишкерлеринин банкроттук деңгээли 2020-жылы 73% тегерегинде өскөнүн кабарлаган.
РИА Новости агенттиги: Россияга караштуу Бурят Республикасынын губернатору Алексей Цыденов жергиликтүү өз алдынча башкарууну кызматтан алганын маалымдаган.