Дүйнөлүк басма сөз 13.01.2021

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1562488
Дүйнөлүк басма сөз 13.01.2021

Deutsche Welle: Германияда мусулмандарга каршы расисттик парламент күн тартибинде турганын жазган.

Франкфуртер Рундшау: «Коронавирустун (Ковид-19) Түштүк Африкадагы мутациясы Германияга жеткен. Чектөөлөрдү узартуу канцлер Ангела Меркелдин күн тартибинде» деп билдирген.

Süddeutsche Zeitung: Германияда Ковид-19 эпидемиясынын жайылышына байланыштуу каралган каржылык жардамдардын кыскарышына катуу сындар айтылып жатканын кабарлаган.

Аль-Кудс аль-Араби (араб-британ гезити): «Өндүрүшү кечигип жаткан Европа, учкучсуз учуучу түрк аскердик учактарын сатып алабы?» деп жазган.

Ал-Кудс аль-Араби: Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Президенти Дональд Трамп өз өлкөсүндө "тынчтыкка жана бейкуттукка" чакырып жатканын маалымдаган.

Le Figaro (Франция): «WhatsApp, колдонуучуларга маалыматтардын купуялуулугуна ишеним берүүгө аракет кылуу» деп кабарлаган.

Le Soir (Бельгия): Бельгияда келерки жумадан баштап Moderna вакцинасы колдонула баштай турганын билдирген.

Le Parisien (Франция): Твиттер жана Фейсбуктан кийин YouTube Трамптын каналын токтотуп, "зомбулук коркунучу" бар видеону алып салганын маалымдаган.

La Vanguardia (Испания): Испанияга Moderna вакцинасынын алгачкы дозалары келгенин билдирген.

Эль Мундо (Испания): «Пандемиянын үчүнчү толкуну саламаттык сактоо тутумундагы кооптонууну күчөтүүдө: Ковид-19дан улам ооруканага кайрылгандардын саны азайбай жатат» деп жазган.

Пренса Латина (Куба): Венесуэланын мунай компаниясы Petróleos, 2021-жылга чейин чийки мунай өндүрүшүн күнүнө 1,5 миллион баррелге жеткирүүнү көздөгөнүн кабарлаган.

РИА Новости: АКШнын Мамлекеттик департаменти, Түндүк агым-2 газ түтүгүн курууда Орусияга жардам берген европалык компанияларга санкция коркунучу темасында эскерткенин маалымдаган.

ТАСС: «Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган шейшемби күнү Телеграмдагы баракчасын ачты. Анын жолдоочуларынын саны 100 миңден ашты» деп билдирген.

"Известия" гезити: Кыргызстандын жаңы президенти Садыр Жапаровдун, Россия менен стратегиялык өнөктөштүктөрүнүн улантыларын айтканын жазган.  



Тектеш кабарлар