Дүйнөлүк басма сөз 12.01.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
«Welt» гезити: Германиянын канцлери Ангела Меркель, Твиттердин Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Президенти Дональд Трамптын аккаунтун биротоло жаап салышын көйгөйлүү деп тапканын жазган.
Ard: Британия бир айдын ичинде 15 миллион адамды эмдөөдөн өткөрүүнү пландап жатканын билдирген.
Deutsche Welle: Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас, АКШнын борбор шаары Вашингтондо президенттик кызматты тынч өткөрүп берүүгө чакырганын маалымдаган.
Аль-Рая аль-Катария (Катар гезити): Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун, Батыш Шериадагы жөөт конуштарында 800 жаңы турак жай курууга уруксат бергенин кабарлаган.
al-Düstur (Иордан гезити): «АКШдагы республикачылдар президент Дональд Трампты Конгресстин имаратындагы окуяларга байланыштуу кызматтан кетүүгө чакырышты. АКШнын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Нэнси Пелоси Трамптын кызматтан алынышы үчүн күрөшүп жатат» деп жазган.
Эль Паис, Испания: (Испаниянын борбор шаары) Мадрид жетекчилиги, калың жааган кар жана муз тоңгонуна байланыштуу мектептерди 18-январга чейин жапканын билдирген.
Инфоба, Аргентина: АКШ Кубаны кайрадан терроризмди колдогон өлкөлөрдүн тизмесине кошконун кабарлаган.
La Vanguardia, Испания: «Рождество эс алуусунун кесепети: Канар аралдары менен Астурия аймагын кошпогондо, Испаниянын бардыгы Covid-19дун айынан чоң коркунучта турат» деп жазган.
Le Figaro: АКШнын президенти Дональд Трамптын жаңы импичмент жараянынын бутасында экенин маалымдаган.
Le Monde: «Дүйнөдө Ковид-19: Японияда вирустун жаңы мутациялык түрү аныкталды» деп жазган.
France 24: АКШ кайрадан Кубаны "терроризмди колдогон өлкөлөрдүн" тизмесине киргизгенин билдирген.
ТАСС агенттиги: «Россия АКШдагы шайлоодо жеңип чыккан Жо Байдендин президенттик инаугурация аземине чакырылды. Бул салтанатка өлкөнүн атынан Россиянын АКШдагы элчиси Анатоли Антонов катышат» деп жазган.
Lenta.ru: Россияда бир аял иммундук системасынын начардыгынан улам 6 ай бою Ковид-19 менен күрөшүп, анын денесинде вирус 18 жолу мутацияга учураганын кабарлаган.
"Коммерсант" гезити: Мальта, мурдагы Советтер Союзунун өлкөлөрүнөн дагы 300 адамдын инвестицияга жооп катары жарандыгын алышкандыгын билдиргенин жазган.