Дүйнөлүк басма сөз 7.01.2021

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1559014
Дүйнөлүк басма сөз 7.01.2021

«Bild» гезити: «Америка Кошмо Штаттарында (АКШ), президент Дональд Трамптын тарапкерлери Конгресстин имаратына кирип барышты. Айрым америкалык сенаторлор төңкөрүш аракети болгонун айтып жатышат» деп жазган.

Spiegel: АКШдагы окуялардан төрт адамдын каза болгонун кабарлаган.

Deutsche Welle: Германияда өкмөт, коронавирус (Ковид-19) пандемиясына каршы кечээ кабыл алынган катаал чечимдердин алкагында, мектептер менен бала бакчалардын жабылышына байланыштуу сынга алууларга «Мектептерди жабыш керек болчу» деп өзүн жактаганын билдирген.

France 24 (Франция): «Ковид-19: Нидерландия, эмдөө өнөктүгүн баштаган акыркы ЕБ өлкөсү» деп билдирген.

Ле Фигаро (Франция): Европа Биримдиги Модерна вакцинасына уруксат бергенин маалымдаган.

Элдустур: Лондон: «Жаңы Ковид-19 мутациялары вакцинага туруштук бере албайт» деп билдиргенин жазган.

Элрая: АКШда президент Дональд Трамптын тарапкерлери Конгресске кол салып, полиция аларга ок атканын кабарлаган.

Элайям: Шайланган президент Жо Байден, Трамптын тарапкерлеринин Конгресстин имаратына кирип барышын айыптады: «Демократияга болуп көрбөгөндөй кол салуу» деп жазган.

La Vanguardia (Испания): Европа Биримдиги (ЕБ), АКШда президент болуп шайланган Жо Байденди күтпөстөн (Венесуэлада өзүн "убактылуу президент" деп жарыялаган) Хуан Гуайдону президент катары таанууну токтотконун маалымдаган.

Пренса Латина (Куба): Мексиканын борбор шаары Мехикодо Ковид-19дун себебинен ооруканаларга толуу көрсөткүчү 83 пайызга чейин жогорулаганын билдирген.

Infobae (Аргентина): АКШ Конгрессинин имаратына кол салуудан 4 адам каза болуп, 14 полициянын жаракат алганын кабарлаган.

ТАСС агенттиги: Россиянын президенти Владимир Путин, өмүргө коркунуч туудурган ооруларга кабылган балдарга жардам берүү үчүн "Жакшылык чөйрөсүн" түзүү жөнүндө жарлыкка кол койгонун маалымдаган.

Lenta.ru: Камчатка жарым аралында туристтер муздун астына калып бир адам каза болуп, үч туристтин жаракат алганын жазган.

РБК жаңылыктар сайты: АКШнын деңиз флоту Орусиянын Түндүк уюлундагы чек араларын кайтара турганын билдирген.



Тектеш кабарлар