Дүйнөлүк басма сөз 3.12.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1538791
Дүйнөлүк басма сөз 3.12.2020

Ard: Британия Biontech жана Pfizer тарабынан иштелип чыккан коронавирус вакцинасын шашылыш колдонууга уруксат берген биринчи өлкө болгонун билдирген.

Welt: Формула-1дин легендасы Михаэль Шумахердин уулу Мик Шумахердин 2021-жылдан баштап Хаас F1 командасында ат салыша турганын жазган.

Deutsche Welle: Интерпол, дүйнө жүзүндө коронавирустук вакциналар уурдалып, жасалма вакциналар чыгарылышы мүмкүн экени жөнүндө эскерткенин кабарлаган.  

Элсабах: Тунис Палестина көйгөйүн чечүү үчүн эл аралык конференция өткөрүүгө чакырганын маалымдаган.

Ньюсабах: Франциянын: «Ливан, өкмөт куралганга чейин эл аралык колдоого ээ болбойт» дегенин жазган.

Элрая: «Түркия-Катар стратегиялык өнөктөштүгүндө жаңы горизонттор» деп билдирген.  

Le Monde: Франциянын мурунку президенти Валери Жискар д’Эстендин каза болгонун кабарлаган.

Le Soir (Бельгия): «Коронавирус: үч фламандан экөө эмдөөгө даяр» деп жазган.

Эль Паис: Испанияда премьер-министр Педро Санчес, Соттор Кеңешинин кызматта турганда ыйгарым укуктарынын чектелишин жөнгө салган мыйзам реформасын демилгелегенин билдирген.

El Mundo (Испания): «2020-жылдын ноябрь айы Испаниянын мейманкана тармагынын эстен кеткис айы болот. Жабылуулар, чектөөлөр жана он миңдеген адамдардын жумушсуз калышы менен коронавирустун экинчи толкунунан эң көп жапа чеккен тармак болду» деп жазган.

TeleSur: (Венесуэла): Бириккен Улуттар Уюму Боливиядагы сот реформасы процессинде кызматташууга даяр экендигин жарыялаганын кабарлаган.

Lenta.ru: Түркия, Крымдын аннексияланышын токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо демилгесинде Украинаны колдогонун маалымдаган.

"Коммерсант" гезити: Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов өлкөсүнүн, Стратегиялык куралдарды кыскартуу келишиминин (СТАРТ-3) узартылышын сүйлөшүүгө даяр экендигин билдиргенин жазган.

РИА Новости: «НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин «Орусия Крымда жана Кара деңизде аскердик күчүн арттырды» деген айыптоосуна Москванын: «Биз өз коопсуздугубузду коргоо үчүн аракет кылып жатабыз» деп жооп бергенин кабарлаган.



Тектеш кабарлар