Дүйнөлүк басма сөз 2.12.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

Elayyam (Палестина): «(Израилдин премьер-министри Беньямин) Нетаньяху оппозициянын жаңы шайлоо өткөрүү жөнүндөгү чакырыгын четке кагууда» деп жазган.
Элватан (Кувейт): ОПЕКтин 12-министрлер жыйынынын бейшемби (эртең) күнүнө жылдырылганын кабарлаган.
Almada (Ирак): Эл аралык коалиция: «Террордук уюм ДЕАШ, талап-тоноо жана адам уурдоо операцияларын башкарууда» деп билдиргенин жазган.
Deutsche Welle: Түркия менен Россиянын Тоолуу Карабахтагы ок атышпоого байкоо жүргүзүү боюнча макулдашкандарын билдирген.
ZDF: Триер шаарында 51 жаштагы айдоочу унаасы менен жөө жүргүнчүлөрдү атайлап сүзүп кетишинен 5 адамдын каза болгонун кабарлаган.
Tagesschau: Германияда "SS командири" деп да аталган жана жаңы фашисттик мамлекетти кыялданып иерархиялык структурада уюмдашкан ашынган оңчул топко тыюу салынганын жазган.
El País: Испаниянын Саламаттык сактоо министрлиги үй-бүлө мүчөлөрүнөн тышкаркы жолугушууларды алдын алуу үчүн чектөө пландарын даярдай турганын маалымдаган.
Эль Мундо: (Испаниянын премьер-министри) Педро Санчес Европа фонддорунун эсебинен 800,000 жумушчу орундарын түзүү убадасынан баш тартканын билдирген.
Телесур: Венесуэланын президенти Николас Мадуро коомчулукту 6-декабрь жекшемби күнү боло турган парламенттик шайлоодо “таза добуштары менен чоң жеңиш” жарыялоого чакырганын жазган.
France 24: (Израилдин премьер-министри) Беньямин Нетаньяхудан көңүлү калган (Израилдин Коргоо министри) Бенни Ганц парламенттин жоюлушун жактаганын кабарлаган.
Ведомости гезити: Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко БУУда "Спутник-V" деп аталган коронавирус вакцинасын тааныта турганын маалымдаган.
ТАСС агенттиги: Афганистандын борбор шаары Кабулда Орусиянын элчилигине таандык унаа өтүп бара жатканда мина жарылганын билдирген.
"Известия" гезити: Венгриялык эксперттер «Sputnik V» вакцинасын иликтөө үчүн Россияга баргандарын кабарлаган.