Дүйнөлүк басма сөз 1.12.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

Handelsblatt: Түркиянын экономикасы үчүнчү чейректе 6,7 пайызга өскөнүн билдирген.
Deutsche Welle: Европа Биримдигинде (ЕБ) жана Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) коронавируска каршы эмдөө күнү жакындап калганын кабарлаган.
Ard: Германиянын саламаттык сактоо министри Йенс Шпан, жылдын башына чейин Ковид-19 учурларынын азайышы керектигин баса белгилегенин жазган.
Newsabah: Президент Эрдоган: «Россиянын президенти Владимир Путин менен Карабахтагы колдоону кеңейтүү аракеттерин сүйлөштүм» дегенин маалымдаган.
Элватан (Алжир): Россиядагы бир илим борбору Ковид-19 пандемиясы 2021-жылы токтойт деп үмүттөнгөнүн жазган.
Элайям (Палестина): Европа Биримдиги Кудс ооруканаларына 9,27 миллион евролук жардам көрсөтө турганын кабарлаган.
Le Parisien: «Ла-Манш каналы аркылуу мыйзамсыз өтүүлөр: Дүйшөмбүдө 120 мыйзамсыз мигрант куткарылды» деп жазган.
Le Figaro: Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) 2021-жылга чейин 29 миллиард еврону түзгөн рекорддук гуманитардык жардамды талап кылганын билдирген.
Эль Паис (Испания): Испаниянын Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустун айынан каза болгондордун саны ноябрь айында берки айларга салыштырмалуу көп болгонун билдиргенин маалымдаган.
El Nacional (Венесуэла): Венесуэла ушул айды 50,90 пайыздык девальвация менен жапканын жазган.
Известия : Россиянын президенти Владимир Путин Думага мамлекеттик кызматкерлердин экинчи жарандык алууга тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштаганын кабарлаган.
Регнум (Россия): АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон) америкалык инструкторлорду даярдоо үчүн Россиянын Ми-24 тик учагын сатып алууну көздөп жатканын билдирген.
Gazetem.ru (Россия): Антальяда кыймылсыз мүлк сатып алууда биринчи орунду орусиялыктар ээлегенин жазган.