Дүйнөлүк басма сөз 30.11.2020
Дүйнөлүк басма сөздн кыскача маалыматтар.

Аль-Рая (Катар): Президент РежепТайып Эрдоган: «Биз көзкарандысыз Палестина мамлекетин түзүү үчүн күрөштү улантабыз»,-деп берген.
Al Jazeera: АКШдагы президенттик жарышта жеңилип калган Дональд Трамптын кеңешчиси Жералд Кушнер Перс булуңундагы кризисти чечүү үчүн акыркы аракетин көрүү үчүн Сауд Арабиясына жана Катарга барды.
Аль-Кудс Аль-Араби: Хути тобунун Йемендин чыгышындагы Мариб аймагындагы лагерге ракеталык чабуулдан 8 Сауд Арабиясынын жоокери курман болгонун жарыялады.
Le Soir: Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Дональд Трамптын 3-ноябрдагы президенттик жарышта жеңилгенден кийинки биринчи маеги: “Шайлоодо биз ачык айырма менен жеңишке жеттик».
France 24: Аргентиналык футболчу Диего Армандо Марадонанын өлүмү: Футбол легендасынын дарыгери шалаакылык үчүн айыпталууда.
Le Monde: Ишемби күнү Франция боюнча «Коопсуздук» мыйзамына жана «Полициянын зомбулугуна» каршы демонстрацияларда 98 жандарм жана полиция жаракат алышты.
dpa: Террордук кол салуу Ооганстандагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө тоскоол болду
Frankfurter Allgemeine Zeitung: Беларуссиядагы нааразычылык акциялары учурунда (9-августта өткөн президенттик шайлоо) 100дөн ашуун адам камакка алынган.
Deutsche Welle: Батыш Балкан: Черногория жана Сербия бири-биринин элчилерин өлкөлөрүнөн кууп чыгышкан.
Ла Вангардия (Испания): Ооруканаларда өлүм биринчи толкунга караганда 40 пайызга аз.
El Universal (Мексика): AstraZeneca вакцинасынын ыктыярчысы вакцина эмделгенден кийин олуттуу неврологиялык таасирлерге дуушар болдум деген айыптоолорду айтты.
Телесур (Венесуэла): Венесуэланын президенти Николас Мадуро коомчулукту 6-декабрда (парламенттик шайлоодо) добуш берүүгө чакырат.
РИА Новости агенттиги: Россиянын Куралдуу күчтөрү Ханкенди шаарында талаа госпиталын ачты. Оорукана тынчтык күчтөрүнө саламаттыкты сактоо кызматын көрсөтөт жана жарандык коом үчүн дагы ачык болот.
Лента.ру: Россиянын университеттеринде окуп, бирок өз өлкөлөрүнөн Россияга кайтып келе албай калган чет элдик студенттердин окуу жайлардагы каттоолору жабык чек араларга байланыштуу жокко чыгарыла баштады.
Коммерсант гезити: Пандемия учурунда россиялык жарандардын 40 пайызы накталай акча колдонуудан баш тартышты.