Дүйнөлүк басма сөз 27.11.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыска маалыматтар.

1535450
Дүйнөлүк басма сөз 27.11.2020

Аль-Раян Аль-Катарина (Катар) гезити : Түркия менен Катар он келишимге кол коюу менен стратегиялык мамилелерин бекемдеп жатат деп билдирген.

Омандын «ВАТАН» гезити : Чоң жыйырмалардын лидерлери коронавируска (Ковид-19) каршы вакцинанын адилеттүү бөлүштүрүлүшүн каржылоого милдеттеништи десе ,

Аль-Мустакбал (Ливан): Иордания, Бириккен Араб Эмирликтери, Сауд Арабиясы жана Египет төрттүк жыйында Сирия кризисин талкуулашат деп жазган.

Tagesschau.de: Германияда декабрь айында коронавирус тууралуу чаралар: мектептер ачык бойдон калат, эң көп  беш адам чогуу болушу мүмкүн, маска талаптары кеңейтилет. Рождество жана жаңы жыл алдында өзгөчө учурлар каралат.

Süddeutsche Zeitung: Германиядагы коронавирус: Канцлер Ангела Меркель Европадагы бардык тоо лыжа базаларынын жабылышын каалайт деп билдирген.

Bild.de: Марадонанын мурасы табышмак: Футболчунун мурасы эмне болот? десе,

Инфоба (Аргентина) : Диего Марадона менен акыркы жолу коштошуу:  үй-бүлөсү жана достору аны менен атайын салтанат менен коштошту деп жазган.

Испаниянын Ла Вангардия гезити : Испаниядагы ооруканалар Рождество алдындагы коронавирустун жүрүшү жөнүндө тынчсызданууда.

Эль Паис болсо : Оксфорд университетинин ковид-19 вакцинасы боюнча акыркы маалыматтар иш - чарасында күмөн саноо жаратканын билдирген.

Le Monde: (Францияда) Полициянын зомбулугунун күч алышы менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана өкмөтү кырдаалды тең салмактоо аракетинде десе,

France 24: Шайлоочу кеңеши   Жо Байденге добуш берсе, Дональд Трамп Ак үйдөн кетет деп билдирген.

Лента.ру: Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков: "Россияда коронавируска каршы массалык эмдөө Рождествого чейин башталат",- деп жазган.

РИА Новости: Арменияда кызмат өтөп жаткан орусиялык жоокердин жансыз денесинин табылгандыгын, окуя боюнча тергөө иштеринин башталгандыгын  билдирген.

ТАСС: Forbes Россиядагы эң көп акы төлөнүүчү кесиптердин тизмесин түздү. Журналдын айтымында, мунай жана жаратылыш газы, өнөр жай жана телекоммуникация компанияларынын жетекчилери эң көп киреше табышат деп билдирген.

 

 



Тектеш кабарлар