Дүйнөлүк басма сөз 20.11.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1531119
Дүйнөлүк басма сөз 20.11.2020

«Bild» гезити: «Корона кризиси: Германиянын канцлери Ангела Меркель коронавирус (Ковид-19) вакцинасы декабрда даяр болот деп үмүттөнөт» деп жазган.

Ард: Европа Биримдигинин бюджет сүйлөшүүлөрүндө маселе чечиле элек. Польша менен Венгрия блоктогондуктан Covid-19 жардамы төлөнбөй жатат» деп кабарлаган.

Süddeutsche Zeitung: (Америка Кошмо Штаттарындагы шайлоодо) добуштар кайра саналган Жоржияда Жо Байдендин жеңишке жетишкенин билдирген.

Эль Мундо (Испания): «Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) Ремдесивир дарысын Ковид-19 үчүн колдонулушуна каршы күрөшүп жатат жана аны колдонбоону сунуштайт» деп маалымдаган.

Телесур (Венесуэла): ЕБ декабрь айында Ковид-19га каршы вакциналарга уруксат берерин жарыялаганын жазган.

Newsabah: Foreign Policy журналы: «Америка Кошмо Штаттарынын администрациясы, Йемендеги хусит согушкерлерди террордук уюмдардын катарына кошууну пландаштырууда» дегенин билдирген.

Элрая: Ковид-19га каршы pfizer вакцинасынын биринчи партиясы жылдын аягында Катарга келе турганын кабарлаган.

Элдустур: Франциянын президенти Эммануэль Макрон мусулман имамдарынын кеңешин түзүү маселесин талкуулап жатканын маалымдаган.

France 24 (Франция): Франциянын саламаттык сактоо министри Веран: «Эпидемиянын айынан француздардын психикалык саламаттыгы начарлап кетти» дегенин билдирген.

France 24 (Франция): Европа Биримдиги декабрь айында Moderna жана Pfizer / BioNTech Kovid-19 вакциналарына жашыл жарык берүүнү пландаштырып жатканын маалымдаган.

Lenta.ru: Азербайжан армиясынын бөлүктөрү Тоолуу Карабахка байланыштуу үч тараптуу келишимге ылайык Агдам аймагына киргенин кабарлаган.

РИА Новости: БРИКС (Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка) лидерлеринин жыйынында сөз сүйлөгөн Россиянын президенти Владимир Путин Кытайдын COVID-19га каршы күрөштөгү ийгиликтерин мактады. Орус лидеринин айтымында, Кытай коронавирусту жеңүүгө болорун далилдеди» деп жазган.

ТАСС: ДСУнун адистери COVID-19 дарылоосу үчүн ремдесивирди колдонбоону сунуштап жатышканын билдирген.



Тектеш кабарлар