Дүйнөлүк басма сөз 17.11.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1529129
Дүйнөлүк басма сөз 17.11.2020

Tagesschau: АКШлык Moderna компаниясы иштеп чыккан вакцинанын коронавирустан 94,5 пайыз коргогондугу билдирилди.

«Welt» гезити: Германияда провинциялардын премьер-министрлери мектептер үчүн Ковид-19 чараларын күчөтүү сунушун четке кагышкандарын кабарлаган.

Эль Паис (Испания): «Венгрия менен Польша Испанияга абдан керек болгон "Куткаруу фондуна" вето коюшту. Эми эмне болот?» деп жазган.

El Universal (Мексика): «Достор менен көңүл ачуулар жана туугандар Covid-19дун жайылышына эң чоң түрткү болуп саналат» деп маалымдаган.

La República (Перу): Франсиско Сагастинин Перунун жаңы президенти болоорун билдирген.

Le Figaro (Франция): Франциядагы карантиндин чакан дүкөндөрдүн жабылышына алып келээрин кабарлаган.

Le Monde (Франция): Moderna лабораториясы иштеп чыккан вакцина талапкеринин 94,5% натыйжалуу болгонун жарыялаганын жазган.

Аль-Рая (Катар): АКШнын президенти Дональд Трамп Жо Байдендин жеңишин моюнга алганын, бирок шайлоолор бурмаланды деп эсептегенин маалымдаган.

Аль-Дустур (Иордания): Ливан: коронавирустун учурлары көбөйгөндөн кийин жалпы жабууну жарыялаганын кабарлаган.

Аль-Кудс Аль-Араби: БАЭнин Etihad аба жолдору, Абу-Даби менен Тель-Авивдин ортосунда үзгүлтүксүз каттамдардын башталгандыгын билдиргенин жазган.

Gazeta.ru: Дүйнөлүк антидопинг агенттигине (WADA) маалымат агымын камсыз кылган Родченков мыйзамы АКШ Сенаты тарабынан бекитилгенин маалымдаган.

РБК жаңылыктар сайты: Россиянын абанын булганышы боюнча акыркы 16 жылдагы рекордду жаңылаганын жазган.

«Известия» гезити: Армениянын президенти Армен Саркисян өлкөнү кезексиз парламенттик шайлоого даярданууга чакырганын кабарлаган.



Тектеш кабарлар