Дүйнөлүк басма сөз 11.11.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1525724
Дүйнөлүк басма сөз 11.11.2020

ВАТАН (Оман): «Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун Аткаруу кеңешинин башкы катчысы Саиб Урейкат коронавирустун (Ковид-19) айынан каза болду ... Палестина үч күндүк аза күтүү жарыялады» деп билдирген.

Аль-Мустакбал (Ливан): Европа Биримдиги Сириядагы Качкындар конференциясына катышуудан баш тартканын маалымдаган.

Аль-Рая Аль-Катария (Катар): Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун Аткаруу кеңешинин башкы катчысы Саиб Урейкаттын көз жумганын кабарлаган.

Deutsche Welle: (Kovid-19) ЕБ Комиссиясы: «Бионтех менен вакцина келишими даяр» деп билдиргенин жазган.

t-online: (Азербайжан-Армения жаңы ок атышпоо) Россиянын президенти Владимир Путин Тоолуу Карабахка тынчтык күчүн жөнөтүп жатканын маалымдаган.

Handelsblatt: «Европа Биримдигинин (ЕБ) парламенти жана өкмөттөр ЕБ бюджети боюнча макулдашты» деп жазган.

Le Monde (Франция): (Ковид-19) Франциянын Улуттук парламенти кошумча 20 миллиард евролук бюджетти бекиткенин кабарлаган.

Le Soir (Бельгия): «2021-жылга чейин көптөгөн Kovid-19 вакциналары иштелип чыгышы мүмкүн» деп маалымдаган.

Infobae (Аргентина): Чили декабрь айынан баштап туризм үчүн чек араларын ача турганын билдирген.

Эльтима Хора (Парагвай): БУУнун Балдардарга жардам фонду (ЮНИСЕФ): «Аялуу катмардагы миллиондогон балдар мектепке кайтып келе албай калышы мүмкүн» деп эскерткенин жазган.

РБК: Россиянын тынчтыкты сактоо миссиясы Тоолуу Карабахка жөнөгөнүн кабарлаган.

Риа Новости: Чехиянын жашыруун кызматы, үчүнчү дүйнөлүк согуш болуп кетиши мүмкүн деп айтканын билдирген.



Тектеш кабарлар