Дүйнөлүк басма сөз 10.11.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1525010
Дүйнөлүк басма сөз 10.11.2020

Аль-Рая аль-Катария (Катар): (АКШнын жаңы шайланган президенти Жо) Байден: «Баарынын президенти болом... Жана коронавируска каршы эмдөө акысыз болот».

Ал-Кудс аль-Араби (араб - британ): Армениянын премьер-министри (Никол Пашинян): «Россия жана Азербайжандын лидерлери менен "аянычтуу" келишимге кол койдум».

Аль-Дустур (Иордания): (БУУнун Башкы катчысы Антонио) Гутерриш: Ливиялыктардын элдешүүсү бул жаңжалдан чыгуунун бирден-бир жолу».

Zdf: Германиянын саламаттыкты сактоо министри Шпан, «Бионтех» менен «Пфизер» компанияларынын, вакцинанын үчүнчү фазадагы клиникалык сыноолорунда 90 пайызга оорунун жугушун алдын алгандыгы жөнүндөгү билдирүүсүн “абдан кайрат берүүчү” деп сыпаттады.

Deutsche Welle: Германиянын 18 жылда Түрк деңиз флотуна 522 миллион евролук экспортко уруксат бергендиги маалымдалды.

Ard: Европа Биримдиги (ЕБ) Boeing авиакомпаниясына көрсөтүлгөн колдоодон улам АКШ өнүмдөрүнө 4 миллиард долларлык өлчөмүндө бажы салыгы салынарын жарыялады.

El Comercio, Эквадор: Бир жылдан кийин Эво Моралес Боливияга кайтып барат.

Эль Паис, Испания: (АКШнын жаңы президенти) Жо Байден жаракатты айыктыргысы келет, АКШ башка багытка бурулууда.

France 24 (Франция): Францияда Ковид-19: Саламаттыкты сактоо министри Оливье Верандын айтымында, «Кайрадан киргизилген карантиндин таасирин баалоо азырынча эрте».

Le Monde (Франция): Ковид-19: Франциянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы директору Жером Саломон: «Пандемия азырынча эң жогорку чегине жеткен жок», - деп эскертти.

Ле Фигаро (Франция): Лион шаарынын чет жакасында коопсуздук күчтөрү менен жаштардын ортосунда кагылышуу болду.

Lenta.ru жаңылыктар сайты: (Азербайжандын президенти Илхам) Алиев, (Армениянын премьер-министри Никол) Пашинян жана (Россиянын президенти Владимир) Путин Карабахтагы кагылышууларды токтотууну чечишти.

ТАСС агенттиги: Ок атышпоо чечиминен кийин Россиянын тынчтык күчүнүн аскерлери 9 учак менен Карабахка жөнөтүлдү.

«Известия» гезити: Путин АКШнын президенти Жо Байденди шайлоонун расмий жыйынтыгы чыккандан кийин куттуктайт.



Тектеш кабарлар