Дүйнөлүк басма сөз 5.11.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Элкудус: Кувейттик эксперттер: «Америка Кошмо Штаттарындагы (АКШ) шайлоодон кийин мунай зат бааларынын келечегине этият оптимизм менен каралып жатат» дегендерин жазган.
Элрая: Катардын Финансы Борбору: «Жеке сектордун компаниялары жакшыртылууда» деп билдиргенен жазган.
Элдустур: Иорданиянын Тышкы иштер министрлигинин имараты көптөгөн кызматкерлер коронавируска чалдыкканын айткандан кийин дезинфекциялоо үчүн жабылганын кабарлаган.
Le Monde: Financial Times (гезити) тарабынан бутага алынгандыгын ойлогон Франциянын президенти Эммануэль Макрон: «Франция исламга каршы күрөшүп жаткан жок» деп жооп бергенин маалымдаган.
Le Figaro: «Терроризмге каршы күрөш: Франциянын президенти Эммануэль Макрон дүйшөмбү күнү Австриянын борбору Венага барат» деп жазган.
Le Soir: «Коронавирус: Бельгиядагы компаниялар өз кызматкерлерин коргоо үчүн тез аныктоочу тест топтомдорун алууда» деп билдирген.
Bild гезити: Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас кайрадан карантинге алынганын кабарлаган.
t-Online: Чемпиондор лигасында Түркиянын Башакшехир командасы Манчестер Юнайтедди жеңип алып тарыхый ийгиликке жетишкенин маалымдаган.
El Mundo (Испания): «Коронавирус: Испаниядагы мейманкана сектору чоң кыйроонун алдында турат жана 8,5 миллион евролук жардамга муктаж» деп билдирген.
El Pais (Испания): Аризонадагы латын жана мексикалык калктын АКШдагы шайлоого активдүү катышуусу штаттагы бийликтин түп тамырынан алмашуусуна алып келгенин жазган.
El Nacional (Венесуэла): Европа Биримдиги Венесуэлага Kovid-19га каршы күрөштө пайдалануу үчүн 36 миллион долларлык жардам берип жатканын маалымдаган.
«Известия» гезити: Москвада 6-11-класстар үчүн аралыктан билим берүү 22-ноябрга чейин узартылганын кабарлаган.
РИА Новости агенттиги: «Россияда жаран жана жеке сектор "жаздыктын астында" рекорддук суммадагы акча топтоду: 12 триллион рублдан ашык» деп жазган.
Регнум агенттиги: «Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө, Минсктин Россиянын жеринде мунай кенин сатып алгысы келгенин айтты. Путин бул сунушка оң карады» деп билдирген.