Дүйнөлүк басма сөз 28.10.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1517234
Дүйнөлүк басма сөз 28.10.2020

Al Jazeera: "(Мухаммед пайгамбарды мазактаган) карикатуралар... Нааразычылыктар күчөп баратат жана түрк (саясий) партиялары Франциянын президенти Эммануэль Макронго каршы эл аралык позицияны талап кылышууда" деп жазган.

Аль-Кудс Аль-Араби: Он миңдеген бангладештиктер борбор шаар Даккада Францияга каршы митингге чыгышкандарын билдирген.

Аль-Дустур (Иордания): 50 өлкө Өзөктүк куралдарга тыюу салуу келишимин бекиткендерин маалымдаган.

Deutsche Welle: Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) жаңы президенти Эрсин Татар менен Түштүк Кипрдин Рум бөлүгүнүн лидери Никос Анастасиадистин 3-ноябрда боло турган жыйында жолугушарын билдиргенин жазган.

N-TV: Германиянын экономика министри (Питер Альтмайер) дем алыш күндөрү Ковид-19дун жаңы учурларынын саны күнүмдүк 20 миңден ашат деп божомолдогонун кабарлаган.

Tagesschau: Германиянын канцлери Ангела Меркель бүгүн провинциялардын башчылары менен жолугуша турганын маалымдаган.

Эль Паис (Испания): Реанимация ассоциациясынын башчысы Рикард Феррер: (Ковид-19 дарылоосу үчүн) Жада калса бир интенсивдүү терапия керебети үчүн да катуу атаандаштык болот» дегенин жазган.

Ла Терсера (Чили): «84 миң адамга жүргүзүлгөн изилдөөгө караганда, Ковид-19 мээни 10 жыл карытып, акыл деңгээлин 8,5 пунктка төмөндөтөт» деп кабарлаган.

Ультима Хора (Парагвай): Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) пайда болгон "канаттуу тарантулага" окшош түнкү көпөлөк түрлөрү өлкөдө үрөй учурганын жазган.

France 24: Чемпиондор Лигасы: «Франциянын өкүлү Пари Сен Жермен Стамбулда Медипол Башакшехирдин коногу болот» деп билдирген.

Le Monde: Ковид-19: Франциянын президенти Эммануэль Макрон карантинди улуттук деңгээлде кайрадан киргизүүнү карап жатканын маалымдаган.

France 24: «Француз өнүмдөрүн бойкоттоо чакырыгы экономикага таасирин тийгизеби?» деп жазган.

РИА Новости: Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Тоолуу Карабахта каршы чабуулга даярданып жатышканын жарыялаганын кабарлаган.

Gazetem.ru: "Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Эки лидер Сирия менен катар аймактык маселелер боюнча пикир алмашты» деп жазган.

ТАСС: Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Covid-19га кабылган адам менен байланышкандан кийин өзүн изоляциялаганын билдирген.



Тектеш кабарлар