Дүйнөлүк басма сөз 27.10.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача малыматтар.

1516598
Дүйнөлүк басма сөз 27.10.2020

ВАТАН (Оман): «Дүйнөлүк экономика коронавирустан (Ковид-19) катуу таасир алды жана миллиондогон адамдардын жакырчылык категориясына кирүүсүнө себеп болду» деп жазган.

Аль-Мустакбал (Ливан): АКШ Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизүүнү көздөп жатканын билдирген.

Аль-Мустакбал (Ливан): Иранда 5 мүнөт сайын бир адамдын Ковид-19дан каза болуп жатканын кабарлаган.

Deutsche Welle: Түркия менен Грециянын улуттук майрамдарына туш келген 28-октябрь жана 29-октябрь күндөрү үчүн жарыялашкан деңиз билдирүүлөрүн артка кайтаргандарын маалымдаган.

Der Spiegel: Германияда Ковид-19 карантиндери психологиялык көйгөйлөрдү күчөткөнүн билдирген.

Handelsblatt: Германиянын канцлери Ангела Меркель Ковид-19 учурларынын көбөйүп бараткандыгы жөнүндө эскерткенин жазган.

Le Monde (Франция): Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын француз товарларын бойкоттоого чакырганын маалымдаган.

France 24 (Франция): Париж көптөгөн Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү француз өнүмдөрүнүн бойкотун токтотууга чакырганын кабарлаган.

Le Parisien (Франция): «Чемпиондор лигасы: ПСЖ (Пари Сен-Жермен), Франция-Түркия чыңалуусу учурунда Стамбулга баратат» деп жазган.

El Tiempo (Колумбия): Боливия соту (Боливиянын экс-президенти) Эво Моралести камакка алуу чечимин жокко чыгарганын билдирген.

Эль-Паис (Испания): «Зета» бороону Мексиканын Тулум жергесине жетип, катуу жаан-чачындарды жана шамалдарды пайда кылганын кабарлаган.

"Коммерсант" гезити: «Ислам дүйнөсү Францияга бойкот жарыялады. Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын демилгесин колдошту» деп маалымдаган.

«Известия» гезити: Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Грецияда грек кесиптеши менен эки өлкөнүн ортосундагы сооданы, Ковид-19 пандемиясын жана Грециянын Түркия менен келишпестиктерин талкуулашкандарын жазган.

Вести (Россия): Сауд Арабия ноябрь айында Россияны артта калтырып, Кытайдын ири мунай камсыздоочусу болгонун билдирген.



Тектеш кабарлар