Дүйнөлүк басма сөз 26.10.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1515880
Дүйнөлүк басма сөз 26.10.2020

Bild.de: Германиянын канцлери Ангела Меркель адамдардын коронавирустун жаңы түрүнө (Kovid-19) каршы чара көрүүлөрдө тартиптүү болушун каалады.

Deutsche Welle: Түштүк Американын Чили өлкөсүндө элдин көпчүлүгү жаңы конституция үчүн добуш берди.

Ла Вангуардия (Испания): Испаниянын премьер-министри Педро Санчес, май айына чейин узартууну пландаштырган жаңы сергек кырдаалды жарыялады. (Коронавирустун жаңы түрүнө байланыштуу)

Эль Паис (Испания): Испаниянын көчөлөрү түнкү чектөөлөр күчүнө киргенден кийин, коңгуроо абалынан улам биринчи түнү бош калды.

Infobae (Аргентина): Чили жаңы Конституциянын долбоорун элдин көпчүлүгүнүн макулдугу менен кабыл алды.

Аль-Кудс Аль-Араби: Эгерде АКШнын (АКШ) Президенти Дональд Трамп шайлоодо жеңип чыкса, анда Коргоо министрин, чалгындоо кызматынын башчысын жана Тергөө бюросунун директорун кызматтан кетирет.

Аль-Рая (Катар): Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), Израиль зениттик системаларды сатып алгысы келет.

Аль-Рая (Катар): Судан АКШнын терроризм тизмесинен чыккан.

Le Monde: (Ковид-19га байланыштуу) Испанияда коменданттык саат менен өзгөчө кырдаал жарыяланып жатканда, Италияда кинотеатрлар жана театрлар жабылды.

France 24: Франция көптөгөн Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө француз өнүмдөрүнө карата бойкотту токтотууга чакырды.

Libération: Kovid-19: Күн сайын 52 миң жаңы учур катталып, Франция жаңы рекорд койду.

РИА Новости: Россияда жумушсуздуктун көрсөткүчтөрү 2020-жылдын июнь-август айларында өткөн жылга салыштырмалуу 6,3 пайызга өстү. Жумушсуздуктун эң жогорку деңгээли Ингушетия, Тува жана Чеченстан республикаларында.

Лента.ру: АКШ президенттигине талапкер Жо Байден Россияны өз өлкөсүнүн эң катуу душманы деп мүнөздөдү.

ТАСС: Беларуссиянын коопсуздук күчтөрү кечээ шайлоонун жыйынтыгына нааразычылык акциясында 290 адамды камакка алышты.



Тектеш кабарлар