Дүйнөлүк басма сөз 20.10.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1512345
Дүйнөлүк басма сөз 20.10.2020

Аль-Жазира (Катар телекөрсөтүүсү): «Франция жек көрүү кылмыштары боюнча 80 тергөө ишин баштады. Француз макамдары, Париждин жанындагы мечиттин жабылышына буйрук берип ондогон чет элдиктерди өлкөдөн чыгарууга даярданууда» деп билдирген.

Ал-Кудс аль-Араби (Араб - Британ): Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) биринчи жүргүнчү учагы Израилге конгонун маалымдаган.

Ал-Кудс аль-Араби (Араб - Британия): Америка Кошмо Штаттарынын Президенти (АКШ) Дональд Трамп: «АКШ Суданды терроризмди колдогон өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарат» дегенин жазган.

Франкфуртер Рундшау: «Түндүк Кипр Түрк Республикасында бийлик алмашты. Президент Режеп Таййип Эрдогандан (Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жаңы президенти Эрсин Татарга) мактоо жана колдоо» деп билдирген.

Deutsche Welle: Германия 2027-жылы аялдар арасындагы футбол боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүү үчүн Бельгия жана Нидерландия менен биргеликте кайрыла турганын жазган.

Le Monde: «Дүйнөдө Covid-19: Ирландия жаңы карантиндик мезгилди баштады. Канада болсо 200 миңден ашык учурду аныктаганын билдирди» деп кабарлаган.

France 24: Ковид-19: «Саламаттык сактоо тармагындагы кризистин натыйжасында Францияда жакырчылык барган сайын өсүүдө» деп маалымдаган.

Le Parisien: (Францияда) Мүлк салыгы он жылдын ичинде 30 пайызга өскөнүн жазган.

Эль Паис (Испания): «Испанияда илимпоздор, лабораторияда иштелип чыга турган жаңы типтеги коронавирустардын адам өмүрүн сактап калышы мүмкүн» дегендерин билдирген.  

Эль Мундо (Испания): «Европа Биримдиги (ЕБ), эгерде укуктук система реформаланбаса Испанияга кысымды күчөтүүгө камынууда» деп кабарлаган.

El Nacional (Венесуэла): Бразилиянын президенти Жаир Болсонаро Ковид-19 вакцинасынын өлкөсүндө милдеттүү болбой тургандыгын жарыялаганын маалымдаган.

Lenta.ru жаңылыктар сайты: Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Орусиянын борбор шаары Москвада жолугушууга даяр экендиктерин билдиришкенин жазган.

ТАСС агенттиги: Азербайжандын президенти Илхам Алиев: «Эгерде Армения конструктивдүү диалогду баштаса, Баку жаңжалдарды токтотот» дегенин кабарлаган.

Gazetem.ru: «Россиянын туризмине пандемиялык сокку: Чыгымдын көлөмү 600 миллиард рубль» деп билдирген.



Тектеш кабарлар