Дүйнөлүк басма сөз 19.10.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1511656
Дүйнөлүк басма сөз 19.10.2020

Spiegel.de: Европада коронавирустун жаңы түрү (Ковид-19) чындап эми башталууда. Нидерландия, Чехия жана Швейцарияда катталган учурлардын саны рекорддук өсүшкө жетти.

Deutsche Welle: Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Президенти Дональд Трамп дүйнөлүк саясатты кандайча өзгөрттү?

Ard.de:Европа Биримдиги (ЕБ) жалпы айыл чарба саясатын аныктоону каалайт.

Al-Jazeera (Катар телекөрсөтүүсү): Карабах ... Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Азербайжандын Генже шаарында жарандардын бомбаланышын айыптады. Президент Режеп Таййип Эрдоган Россия, АКШ жана Франциядан турган Минск тобун Армениянын тарабында деп айыптады.

ал-Кудс аль-Араби (арабча - британиялык): Израиль Бахрейн менен толук дипломатиялык мамилелер түзүлөөрүн жарыялаганын кабарлаган.

ал-Дустур (Иордания): Дүйнөлүк банк коронавирустун жаңы түрүнө каршы вакциналар үчүн 12 миллиард долларлык каржылоо пакетин бекитти.

Эль Паис (Испания): Испания Өкмөтүнүн күн тартибинде (Ковид-19га каршы) борбор шаар Мадридде «коогалаңдуу кырдаалды» кеңейтүү каралган эмес; бирок, альтернативдүү план да жок.

Эл Диарио (Боливия): Боливия демократиясынын тагдырын 7,3 миллион шайлоочу чечет; парламенттик шайлоо өтүп жатат.

Ла Терсера (Чили): Чилидеги окуялар (былтыр башталган жана 5 айга созулган өкмөткө каршы демонстрациялардын бир жылдыгы): «Эки чиркөө өрттөлдү; жумуш орундары талап-тонолгон » деп жазылган.

Ле Фигаро: (Франциянын президенти Эммануэль) Макрон мектептердеги коопсуздук күчөтүлөрүн жарыялады. (Коопсуздук кеңешинин террордук чабуулда мугалимдин өлүмүнө байланыштуу жыйынынан кийин)

Le Parisien: АКШдагы шайлоо: (Ашкере улутчул Улуттук Биримдик партиясынын лидери) Марин Ле Пенден АКШнын президенти Дональд Трампка чектелген колдоо.

Le Soir: Ковид-19: Бельгиянын жарандарынын ар бир экинчиси тесттин жыйынтыгын кеч алат.

ТАСС: Азербайжандын Коргоо министрлиги Тоолуу Карабахтын айланасындагы айрым аймактар ​​кечээ кечинде жана дүйшөмбү күнү эртең мененден бери Армения тарабынан бомбаланды деп билдирди.

Коммерсант: Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Карабахтагы 13 айыл баскынчылардан бошотлуганын жарыялады.

РИА Новости: Россияда көп жолу колдонула турган ракета жасала баштады.



Тектеш кабарлар