Дүйнөлүк басма сөз 16.10.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1510129
Дүйнөлүк басма сөз 16.10.2020

Deutsche Welle: Германияда коронавируска чалдыккандардын санынын тездик менен көбөйүшү ооруканаларды тынчсыздандырып жатканын жана Германиянын Ооруканалар Ассоциациясы пандемия көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн деп эскерткенин билдирген.

Tagesschau: «Германияда Премьер-министрликте 8 сааттык корона-саммити: Күзгү чара көрүүлөр боюнча макулдашуу түзүлө алган жок» деп кабарлаган.

Эль Паис (Испания): Испаниянын Саламаттык сактоо министрлиги, өлкөдө бейтаптар көп катталган аймактарда барлар менен ресторандарды жабуу боюнча жаңы пландарды карап жатканын жазган.

Ла Разон (Испания): Европа Биримдиги (ЕБ) Ковид-19 пандемиясынын кесепетинен Испанияны пандемия картасында кызылга айлантканын билдирген.

Телесур (Венесуэла): Венесуэланын президенти Николас Мадуро, Түштүк Америка элинин Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) кол салуулары менен коркутууларына барган сайын күчтүү түрдө жооп берип жаткандыгын айтканын жазган.

Le Parisien: (Францияда) Ковид-19: «Улгайган адамдарда жуктурган учурлардын саны олуттуу өсүүдө» деп кабарлаган.

Le Figaro: Ливия: «Париж (саясий чечим табууда) (Ливияга) коңшу өлкөлөрдүн көбүрөөк дипломатиялык катышуусун каалайт» деп билдиргенин жазган.

Le Monde: (Францияда) коменданттык саат: «(Маданият министри) Розелин Бахелот (көркөм өнөр) иш-чаралары үчүн ийкемдүүлүк берилиши керектигин жактоодо» деп маалымдаган.  

Аль-Кудс Аль-Араби: Азербайжан: «Түркиянын учкучсуз учуучу учагы менен бир миллиард долларлык армян аскердик техникасын жок кылдык» деп билдиргенин жазган.

Al Jazeera: Коронавирус: «Францияда коменданттык саат башталды, Англияда коңгуроо деңгээли көтөрүлдү, Европа комиссиянын төрагасы Урсула фон дер Лайен өзүн изоляциялап жатат» деп кабарлаган.

Аль-Рая (Катар): Ливия: «Тархунада табылган массалык мүрзөлөр, өлкөнүн чыгышындагы мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтердин дагы бир кылмышын ачыкка чыгарды» деп билдирген.

Риа Новости (Россия): «Москвалыктар мындан ары транспортко беткапсыз жана мээлейсиз түшө алышпайт» деп маалымдаган.

Lenta.ru (Россия): Россияда Ковид-19дун жаңы учурларынын көбөйүшү 10-ноябрга чейин уланат деп божомолдонуп жатканын кабарлаган.  

Известия (Россия): Орус өкмөтү 2024-жылга чейин өлкөнүн калкынын саны 1,2 миллионго чейин азайышы мүмкүн деп билдиргенин жазган.



Тектеш кабарлар