Дүйнөлүк басма сөз 15.10.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
France 24: Франциянын президенти Эммануэль Макрон Ковид-19 менен күрөшүүнүн алкагында Парижде жана сегиз ири шаарда коменданттык саат жарыялаганын билдирген.
France 24: Эммануэль Макрон: «Коменданттык саатты бузгандарга 135 евро айып салынат» дегенин кабарлаган.
Le Monde: «УЕФАнын Улуттар Лигасы: Франция Хорватияда жеңди (2-1)» деп маалымдаган.
Tagesschau: Германияда күнүмдүк коронавирустун учурларынын саны 6 миңден ашканын кабарлаган.
Sueddeutsche: «Коронавирус Германиянын экономикасын күтүлгөндөн көбүрөөк уруп жатат - Германиянын экономикасы кризиске чейинки деңгээлге эң эрте 2022-жылдын аягына чейин жетет» деп билдирген.
Эль Паис, Испания: «Каталония аймагындагы бардык барлар менен ресторандар 15 күнгө жабык. Мындан тышкары, социалдык байланышты азайтуу үчүн соода борборлорундагы кардарлардын саны да чектелет» деп маалымдаган.
Эль Мундо, Испания: «Португалия (коронавирустун кесепетинен) өзгөчө абал жарыялап, чогулуулар 5 адам менен чектелди» деп кабарлаган.
Эль Мострадор, Чили: «Перу Мачу-Пикчуну (Инкалардын байыркы шаары) япониялык бир турист үчүн ачты. 7 айдан бери Куско шаарында жүргөн япон турист, пандемияга байланыштуу жабылган Мачу Пикчунун кайрадан ачылышын күтүп жаткан эле» деп билдиргенин жазган.
Al Jazeera: Йеменде, айырбаштоо келишиминин алкагында хусийлер барымтага алынган 2 америкалыкты бошотконун кабарлаган.
Аль-Дустур (Иордания): Москва Вашингтондун өзөктүк курал боюнча келишимди узартуу өтүнүчүн четке какканын жазган.
Аль-Кудс Аль-Араби: АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео Сауд Арабияны Израил менен мамилелерди нормалдаштыруу маселесин талкуулоого чакырганын билдирген.
"Известия" гезити: Россиянын президенти Владимир Путин Россияда экинчи Ковид-19 вакцинасы катталганын жарыялаганын маалымдаган.
РТ: Азербайжандын президенти Илхам Алиев France 24 каналына берген маегинде Азербайжан Тоолуу Карабахтагы жаңжалдарда жалданма аскерлерди колдонду деген айыптоолорду төгүнгө чыгарганын жазган.
"Коммерсант" гезити: Россия Сербияга, Японияга жана Кубага каттамдарын кайрадан баштаганын билдирген.