Дүйнөлүк басма сөз 24.09.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1496421
Дүйнөлүк басма сөз 24.09.2020

Tagesschau: Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас өзүнүн жеке коргонуусунда коронавирустун жаңы түрү (Ковид-19) табылгандан кийин Иорданияга сапарын токтотконун билдирген. Германиялык министр карантинге алынды.

Reuters.com: «Германия өкмөтү Афина-Анкара диалогуна канааттанат- Европа Биримдигинен Түркияга каршы санкция ыктымалы жоюлду» деп маалымдаган.

Deutsche Welle: НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Чыгыш Жер Ортолук деңизи маселеси боюнча Түркия менен Грециянын ортосундагы аскердик сүйлөшүүлөрдө «жакшы жылыш» болуп жатканын кабарлаганын жазган.

Эль-Паис, Испания: «Мадрид коронавируска каршы армиянын "тезинен" логистика жаатында иш алып барышын каалайт жана берки аймактардан 300 дарыгерди талап кылууда» деп билдирген.

Эль Мундо, Испания: Венесуэланын президенти Николас Мадуро, Мирафлорес президенттик сарайын коргоо үчүн жашыруун топ түзүп жатканын кабарлаган.

Infobae, Аргентина: Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Кубага каршы туризмге жана экспортко таасир этүүчү жаңы санкцияларды киргизгенин маалымдаган.

Аль-Кудс Аль-Араби: Алжирдин президенти Абдель-Мажид Теббоун: «Борбор шаары Кудс болгон Палестина мамлекетин түзүү укугу соодаланбашы керек» дегенин жазган.

Al Jazeera: Эл аралык миграциялык мониторинг борбору: «Көпчүлүгү Сирияда болгон дүйнө жүзү боюча өз жеринен ажыраган 15 миллиондон ашуун адам бар» деп билдиргенин кабарлаган.

Аль-Дустур (Иордания): Сауд Арабия, Умранын кийинки айдан баштап өткөрүлүшүнө уруксат бере турганын маалымдаган.

Le Monde (Франция): «Ковид-19: Франциянын Саламаттык сактоо министри Оливье Веран, Марсель шаарында жана Гваделупа аралындагы бардык барлар менен ресторандар ишемби күндөн тартып жабык болорун жарыялады» деп билдирген.

Le Figaro (Франция): Париж Грециядагы Мория лагеринен жалпы 500 качкын баланы кабыл аларын маалымдаган.

Le Soir (Бельгия): «Коронавирус: Бельгияда күнүнө орто эсеп менен 1425 жаңы учур катталууда» деп жазган.

"Известия" гезити: Белоруссиянын президенти Александр Лукашенконун жашыруун ант берүү аземине каршы чыккан ондогон демонстранттар Минск шаарында камакка алынгандарын кабарлаган.

Риа Новости агенттиги: «Россия чет өлкөдөн келген орустар үчүн эрежелерди өзгөрттү. Кайтып келгенден кийин үч күндүн ичинде Ковид-19 тестинен өтүшөт, жыйынтыгы чыкмайынча үй карантинде болот» деп маалымдаган.

Neftegaz.ru: Түркия газдын баасын арзандатуу үчүн Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирген.



Тектеш кабарлар