Дүйнөлүк басма сөз 15.09.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1490836
Дүйнөлүк басма сөз 15.09.2020

Элрая: Дүйнөлүк даярдыкка байкоо жүргүзүү кеңеши: «Дүйнөлүк лидерлер коронавирус пандемиясына даяр эмес эле» деп билдиргенин жазган.

Элдустур: Ливандын Триполи шаарында куралчан адамдар менен кагылышта 4 аскердин каза болгонун кабарлаган.

Алкудс: Израиль жана БАЭдеги эки ири банк тынчтык келишиминин алдында өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшканын билдирген.

«Bild» гезити: «Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Грециядагы качкындарга жардам берүү планы: Германия Грециянын Мидилли аралынан көбүрөөк качкындарды кабыл алгысы келип жатат» деп маалымдаган.

Spiegel: Билл Гейтс: «Коронавирусту мен тапкан жокмун». Белгилүү америкалык миллиардер ишкердин коронавирус айыптоосуна ушундай жооп бергенин жазган.

Ard: АКШнын президенти Дональд Трамптын коронавирус пандемиясына каршы колдон келгендин бардыгын жасап жаткандыгын айтканын билдирген.

Эль Мундо (Испания): Испаниянын Башкы прокурору Жогорку Соттон, коронавирустук кризисти жөнгө салууга байланыштуу Педро Санчестин өкмөтүнө багытталган бардык арыздарды четке кагуусун суранганын кабарлаган.

Эль-Паис (Испания): Борбор шаар Мадриддин негизги медициналык жардам бөлүмү: (коронавирус) Ушунча көп бейтап үчүн дарыгер жок» деп билдирген.

Infobae (Аргентина): АКШдагы жетекчилер, Венесуэланын президенти Николас Мадуронун башкы адамы Алекс Саабга байланыштуу 700 миллион долларды тоңдурушканын маалымдаган.

Le Parisien: Kovid-19: (медицина кызматкерлери сыяктуу) "алдыңкы катардагы" чет элдиктер үчүн Франциянын жарандыгына өтүү процедуралары тездеди» деп кабарлаган.

Le Figaro: Изилдөөгө караганда, француздардын көпчүлүгүнүн өлүм жазасынын кайра киргизилишин жактагандарын жазган.

Le Soir: Коронавирус: «Бельгияда жугуштуу оорулардын жана ооруканага жаткырылгандардын санынын өсүшү уланууда» деп билдирген.

RuNews24.ru: Красноярск-Стамбул каттамдары 1-октябрдан тарта баштала турганын маалымдаган.

РТ: (Россиянын президенти Владимир) Путин: «Россия Беларуска 1,5 миллиард доллар насыя берет» деп билдиргенин жазган.

Ведомости: «New York Times» гезити, Россиядагы Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун негиздөөчүсү Алексей Навальныйдын Орусияга кайтып келүүнү пландап жатканын билдирди» деп кабарлаган.



Тектеш кабарлар