Дүйнөлүк басма сөз 10.09.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Bild.de: Германияга вакциналык шок. AstraZenecа компаниясынын вакцина эксперименттерин үзгүлтүккө учуратышы Германияда катуу таасир калтырды. Саламаттык сактоо министри Йенс Шпан 54 миллион дозага буюртма берген болчу.
Spiegel.de: Америка Кошмо Штаттары (АКШ) миңдеген кытай илимпоздорунун визаларын жокко чыгарды.
Deutsche Welle: Германиядагы Мория талаш-тартыштары, Грециянын Мидилли аралындагы Европанын эң ири качкындар лагери Мория өрттөнүп, 12 миңден ашуун адам үй-жайсыз калгандан кийин, Германия өкмөтүнө «качкындарды өлкөгө алып барба» деген чакырыктар көбөйүүдө.
Le Monde: (Франциядагы коронавирус эпидемиясы жөнүндө) Илимий комитет сергектик коңгуроосун какты.
France 24: (Франциянын экономика жана каржы министри) Бруно Ле Маренин айтымында, АКШ санариптик салык келишимин каалабайт.
Le Soir (Бельгия): Бельгияда Ковид-19 жана ооруканага түшкөндөрдүн күнүмдүк учурлары кайрадан көбөйдү.
El País: (Испания) Өкмөт 2021-жылы мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын тоңдурууну пландаштырууда.
Эль Мундо: (Испания) Эксперттердин айтымында, Ковид-19 вакцинасы он миң ыктыярдуу кишиге сыналган үчүнчү этапта, айрым органдардын олуттуу терс таасирлерин жаратышы кадыресе көрүнүш.
TeleSur: (Венесуэла) Колумбияда полициянын зомбулугуна нааразы болгон демонстрациялар уланууда.
Аль-Шарк (Катар): Судандагы катуу суу ташкынынан каза болгондордун саны 103кө жетти.
Аль-Жазира: Израилдин 12-каналы телекөрсөтүүсү: Израилдин жашыруун кызматы Моссад Бахрейн менен нормалдашуу келишими боюнча интенсивдүү байланышта.
Аль-Кудс Аль-Араби: Ковид-19 дүйнө жүзү боюнча 900 миңден ашуун адамдын өлүмүнө себеп болсо, AstraZeneca тобу жана Оксфорд университети иштеп чыккан эксперименталдык вакциналардын бирине клиникалык сыноолор токтотулган.
ТАСС: Кытай, Россиядагы «Кавказ-2020» биргелешкен аскердик машыгуусуна катышат.
Известия гезити: Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясы Украинанын санарип экономикасын өнүктүрүүгө 2,7 миллион евро бөлөт.
Лента.ру: Орус оппозициячылы Алексей Навальный комадан чыгып, толугу менен өзүнө келди.