Дүйнөлүк басма сөз 02.09.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1483372
Дүйнөлүк басма сөз 02.09.2020

Аль-Кудс Аль-Араби (Араб британ): Жордж Флойдго окшоп (АКШда Африка тектүү, полиция тарабынан өлтүрүлгөн) басып алган Израиль армиясы улгайган палестиналыкка мыкаачылык менен кол көтөргөн.

Аль-Жазира (Катар ТВ): Тунис парламенти Хишам аль-Мешинин өкмөтүнө ишеним добушун берди. Эль-Мешиши өкмөтүнүн негизги маселеси экономика экендигин билдирди.

Аль Райе Аль Катариййе (Катар): Катар жана АКШ Ливиядагы кырдаалды жана Перс булуңундагы кризисти талкуулашат.

Tagesschau.de: АКШда полиция кайрадан афро тектүү кишини өлтүрдү.

Deutsche Welle: Германияда корона вирусуна каршы көрүлүп жаткан чараларга нааразычылык акциялары учурунда радикалдашуу болуп саналат.

La Vanguardia (Испания): Жаңы тесттер коронавирусту 30 мүнөттө табууга жол ачат.

Infobae (Аргентина): Америка Кошмо Штаттары, Оксфорд жана AstraZeneca коронавирустук вакцинанын 3-этабын баштоо үчүн 30 миң ыктыярчы издешүүдө

Пренса Латина (Куба): Венесуэланын Президенти Николас Мадуро диалог демилгесин колдоого чакырды. (Мадуро кечээ "улуттук жарашууну жайылтуу үчүн" 110 оппонентине кечирим берди).

Le Monde: 49 күнгө созулган сот жараяны, 14 айыпталуучу жана 200гө жакын жарандык партия: 2015-жылдын 15-январындагы (Францияда өткөрүлгөн) кол салуулар боюнча сот иши башталды

Le Figaro: Коронавирус: Австралиянын экономикасы отуз жылдык өсүштөн кийин биринчи жолу төмөндөдү

France 24: Франциянын армиясы Малиде бир жаранды кокустан өлтүрүп койду

ТАСС: Греция 7-сентябрдан бери жумасына 500 орус жаранына өлкө аймагына кирүүгө уруксат берди.

Известия: Россиянын Президенти Владимир Путин Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 75 жылдыгына карата 22-сентябрда  сөз сүйлөй алат.

Лента.ру: Россиянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Беларуссияга кийлигишүү болгон учурда Россияга каршы санкцияларды киргизүү коркунучун карады.



Тектеш кабарлар