Дүйнөлүк басма сөз 28.08.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Le Parisien (Франция): «Коронавирус: Маска тагуу бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дөн баштап Париж жана аймагында милдеттүү болуп калды» деп билдирген.
Le Figaro (Франция): «Жер Ортолук деңизи: Анкара жаңы деңиз машыгууларын өткөрөөрүн жарыялады жана Францияны күнөөлөдү» деп жазган.
Le Monde (Франция): «Коронавирус: Марсель шаары аймактык деңгээлде коменданттык саатка жол бербөө үчүн "коркунучтуу көбөйүүнү" токтотууга аракет кылып жатат» деп маалымдаган.
Элрая: Катар Кызылайы, Газа тилкесинде коронавируска каршы күрөшүү аракеттерин колдоп жатканын билдирген.
Элдостур: Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Ливандагы Убактылуу кызмат күчүнүн (UNIFIL) санын кыскартууну көздөп жатканын кабарлаган.
Элкудус: «Лаура» шамалы АКШда жарым миллион адамды жер которууга аргасыз кылганын жазган.
Тагесспиегел: «Германияда коронавируска каршы жаңы чаралар» деген теманы койгон.
Tagesschau: Германияда балдарга көңүл бурбоо жана зомбулук күчөгөнүн маалымдаган.
Die Presse (Австрия): НАТОнун Чыгыш Жер Ортолук деңизде кырсыктардан сактануунун жолдорун издеп жатканын билдирген.
Tagesschau: «Жер Ортолук деңиздеги чыңалуу боюнча Анкаранын позициясы жаман эмес» деп жазган.
Infobae (Аргентина): Колумбия келерки жумадан баштап өлкө боюнча туризмди жандандыруу планын ишке киргизгенин маалымдаган.
Телесур (Венесуэла): (Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму) ДССУ, Ковид-19га кайрадан кабылуу ыктымалдуулугу боюнча эскерткенин билдирген.
Пренса Латина (Куба): Чилиликтердин көпчүлүгү Ковид-19га карабастан октябрь айындагы референдумга катыша тургандарын жазган.
Lenta.ru: Украина Беларусь менен болгон бардык байланыштарын токтотуп жаткандыгын жарыялаганын маалымдаган.
РИА Новости: Беларусь Кеңешинин мурдагы башчысы Шушкевич орус тилин өлкөнүн расмий тилдеринен алып салууну сунуш кылганын кабарлаган.
«Известия»: Минскте кармалган орусиялык журналисттердин бардыгынын бошотулганын билдирген.