Дүйнөлүк басма сөз 24.08.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1477985
Дүйнөлүк басма сөз 24.08.2020

Аль Рая Аль-Катария (Катар): Президент Режеп Таййип Эрдоган өз өлкөсүнүн Палестина маселесин мындан ары да колдой тургандыгын жарыялаганын билдирген.

ВАТАН (Оман): «Тоңдурулган азыктар Азия өлкөлөрүндө коронавирустун жайылышына себеп болушу мүмкүн» деп жазган.

Аль-Мустакбал (Ливан): Ливандын саламаттык сактоо министри Хамад Хасан: "Ковид-19дан улам каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсация жана жардам берүү тууралуу эч кандай сөз болгон эмес" дегенин кабарлаган.

Ханделсблатт: Түркия газ табуунун негизинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү позициясын бекемдеп жатканын маалымдаган.

Deutsche Welle: Германиянын Бавария Мюнхен командасы Чемпиондор Лигасын жеңип, сезонду үч кубок менен аяктаганын билдирген.

Dpa: «Беларустагы кырдаал курчуп турат - президент Александр Лукашенко курал көтөрүп жүрөт» деп жазган.

El Pais: (Испания) «Ковид-19 пандемиясында жаңы учурлардын көбөйүшү, күзгө пландалган Каталандагы шайлоонун кийинкиге жылышына алып келиши мүмкүн экенин кабарлаган.

TeleSur (Венесуэла) Венесуэла, экономикалык секторду чыңдоо максатында Ковид-19 пандемиясынын себебинен киргизилген карантинди жумшартуу аптасын баштаганын жазган.

Ле Фигаро (Франция): Пари Сен-Жермен командасы Чемпиондор Лигасынын финалында жеңилгенден кийин Парижде 148 адам кармалганын билдирген.

Le Monde (Франция): «Францияда өкмөт экономиканы калыбына келтирүү планын сентябрь айынын башына калтырды» деп маалымдаган.

Le Parisien (Франция): «Британияда ички дүң продукция тездик менен төмөндөп баратат, жумуштан бошотуулар: өлкө мурда болуп көрбөгөн рецессияга туш болууда» деп кабарлаган.

ТАСС агенттиги: Россияда коомдук жана саясий окуяларды, ошондой эле пандемияны алдын ала айта турган жасалма акыл тутуму чыгарылганын билдирген.

Vesti жаңылыктар сайты: Россиянын Венгрия, Египет жана Франция сыяктуу айрым өлкөлөр менен аба каттамын кайрадан жүргүзүүгө даярданып жатканын маалымдаган.

Lenta.ru: Россияда ууланган оппозициянын лидери Алексей Навальный Германияда канцлер Ангела Меркелдин коногу катары дарыланып жатканын жазган.



Тектеш кабарлар