Дүйнөлүк басма сөз 20.08.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1476067
Дүйнөлүк басма сөз 20.08.2020

«Зюддойче Цайтунг»: Германиянын канцлери Ангела Меркель: «Европа Биримдигинин өлкөлөрү, Беларуста өткөрүлгөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт» деп билдиргенин жазган.

Deutsche Welle: Германиянын Франкфурт шаарында кармалган кишиге карата күч колдонгон үч полиция кызматкеринин кызматтан алынганын кабарлаган.

Zdf: УЕФА Чемпиондор Лигасынын жарым финалында Лионду 3-0 эсебинде утуп алган Бавария финалга жолдомо алганын билдирген.

Le Parisien: (Францияда) Ковид-19 кризиси менен бирге азык-түлүк жардамына болгон суроо-талаптын көбөйгөнүн жазган.

Le Figaro: Коронавирус боюнча (Францияда) болжол менен 3 миң 800 жаңы учур катталып, 31 адам реанимацияга алынганын маалымдаган.

France 24: Беларусь: «Европа Биримдиги (ЕБ) Александр Лукашенко кайрадан шайланган шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт» деп билдиргенин жазган.

El País (Испания): «Пандемия космостон келди. Айрым окумуштуулар коронавирустун жаңы түрүнүн октябрь айында Кытайга түшкөн метеорит менен келгенин болжолдошууда» деп кабарлаган.

El Universal (Мексика): Мексика Россияга "Sputnik" деп аталган COVID-19 вакцинасынын үчүнчү фазасына катышуу өтүнүчүн билдиргенин маалымдаган.

Infobae (Аргентина): (Венесуэланын лидери) Николас Мадуронун Түркия менен болгон өнөктөштүгүн бекемдеп жатканын жазган.

Аль-Жазира: АКШнын президенти Дональд Трамп, Сауд Арабиянын (Израил менен мамилелерде) нормалдашууга  катышуусу, Иранга каршы санкциялар жана Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) менен F-35 келишимине байланыштуу маалымат жыйын өткөргөнүн билдирген.

Аль-Рая (Катар): «Йемен: Ооруканалардын жарымы жана мектептердин 70% жабылуу коркунучунда» деп кабарлаган.

Риа Новости: Россия «Хмеймим» базасын кеңейтүү темасында Сирия менен макулдашканын маалымдаган.

ТАСС: «(Россия оппозициясынын лидери) Алексей Навальный Томсктон Москвага учуп баратканда өзүн жаман сезди жана уулангандыгы болжолдонуп ооруканага жаткырылды. Анын абалы оор, эс-учуна келе элек» деп жазган.

Lenta.ru: «Bloomberg жаңылыктарына караганда, Түркия Кара деңизде жаңы газ кенин тапты. Изилдөөлөр Румыния менен Болгариянын чек араларына жакын жерде "Фатих" бургулоочу кемеси тарабынан жүргүзүлгөн» деп билдирген.



Тектеш кабарлар