Дүйнөлүк басма сөз 7.08.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Newsabah: БУУ: «Коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) айынан дүйнө жүзү боюнча мектепке чейинки жана башталгыч мектеп курагындагы 40 миллион бала билим алуудан алыстап кетти» деп кабарлаганын жазган.
Elraya: Катардын Эмири Тамим бин Хамад Аль Тани, Ливанга көчмө ооруканаларын жөнөтүүнү буйрук кылганын билдирген.
Eldustour: «Пессимисттик медициналык эскертүү: Күтүлгөн вакцина Ковид-19 көйгөйүн чече албашы мүмкүн» деп кабарлаган.
El Pais (Испания): Испаниянын Басков аймагынын жергиликтүү жетекчилиги, пандемиянын экинчи толкуну башталышы мүмкүн экенине чочулап жатканын жазган.
El Mundo (Испания): Мадриддин 28 башка аймагындагы таштанды сууларга жүргүзүлгөн иликтөөлөрдө жогорку деңгээлде Ковид-19 вирустары аныкталганын маалымдаган.
El Nacional (Венесуэла): Колумбиянын президенти Иван Дуке эч кандай шартта Венесуэланын лидери Николас Мадуро менен жолугушпай турганын билдиргенин жазган.
Spiegel: «Бейрутка жардам: Германия Ливанга куткаруучу иттерди жана 15 тонна жардам жөнөттү» деп кабарлаган.
Dpa: Бейруттагы жарылуудан германиялык аял дипломаттын көз жумганын билдирген.
Merkur: Германиянын саламаттык сактоо министри Йенс Шпан: «Кооптуу аймактардан келген жүргүнчүлөр үчүн "Ковид-19" тесттинен өтүү талабы ишемби күнү күчүнө кирет» дегенин жазган.
Le Monde (Франция): Бейруттагы эки жарылуудан кийин Франциянын президенти Эммануэль Макрон, ливандык лидерлерди «радикалдуу өзгөрүүгө» үндөгөнүн маалымдаган.
Le Soir (Бельгия): «Коронавирус: Улуу Британия Бельгиядан келген жүргүнчүлөргө карантин жарыялайт» деп билдирген.
Российская газета: Россиянын Коргоо министрлиги, ядролук бомбалоонун шарттарын түшүндүргөнүн жазган.
Интерфакс агенттиги: Украина Белоруссияга, чек араларына түштүк тараптан согушкерлердин кирип жаткандыгы жөнүндө маалымат бергенин кабарлаган.
КТРК сайты: Кыргызстан Түркия жана Бириккен Араб Эмираттары менен аба каттамын жандандыра турганын маалымдаган.