Дүйнөлүк басма сөз 30.07.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1464467
Дүйнөлүк басма сөз 30.07.2020

Ньюсабах (Ирак): ЮНИСЕФ (Бириккен Улуттар Уюмунун Балдарга жардам фонду): «Жети миллионго жакын бала жетишсиз тамактанууга дуушар болушат» деп билдиргенин жазган.

Рая (Катар): Катардагы чач тарачтар жана спорт залдарда коронавирустук тест колдонула баштаганын маалымдаган.

Аддустор (Оман): Иорданиялык саясатчы жана экономист Сьюад Элани быйыл Иорданиянын экономикасы 4,3 пайызга төмөндөйт деп божомолдогонун жазган.

Le Soir (Бельгия): Сегиз террорчунун Бельгиянын жарандыгынан чыгарылганын билдирген.

Le Figaro: «Саясатчыларга болгон ишеним боюнча сурамжылоонун жыйынтыгына караганда президент Эммануэль Макронго болгон ишеним 6 баллга жогорулады, ал эми жаңы премьер-министр Жан Кастекс француздардын 50 пайыздан ашыгынын ишенимине ээ болду» деп жазган.

Le Parisien: (Медициналык кризиске байланыштуу), Курман айт майрамы Иле-де-Франста катуу чара көрүүлөрдүн астында майрамдала турганын кабарлаган.

El Mundo (Испания): «Испаниянын экономикасы коңгуроо кагууда: Туризмде басылган тормоз 5 миллион жумушчусу бар кеминде 8 тармакка таасир этет» деп жазган.

El Pais (Испания): «Коронавирус пандемиясы Испанияда кайрадан катуу чара көрүүлөрдүн чегине жетти. Бир гана айырмасы, бейтаптар жаш жана анча оор эмес» деп билдирген.

El Nacional (Венесуэла): Бразилия Ковид-19дун кесепетинен өлүмдүн жаңы рекорддук толкунунда жүргөндө, кайрадан туристтик максаттагы учууларды баштаганын маалымдаган.

«Зюддойче цайтунг»: АКШ Германиядан 11 миң 900 аскерин чыгарып кеээрин кабарлаган.

Deutsche Welle: Улуу Британиянын Анкарадагы мурунку элчиси (Британиянын тышкы чалгындоо кызматынын) башчысы болуп дайындалганын жазган.

Zeit Online: «Германияда кооптуу аймактардан кайтып келген эс алуучулар кийинки аптада аэропорттордо (коронавирустук) тесттен өтүүгө аргасыз болоорун маалымдаган.

Regnum сайты: «Россиялык окумуштуулар коронавирустун сууда канча убакыт жашаарын аныкташты: эң көп 24 саат» деп билдирген.

«Известия» гезити: (АКШнын президенти Дональд) Трамп: «Германия Орусияга энергетика үчүн миллиарддаган доллар төлөп жатканда, АКШ Германияны коргоого милдеттүү эмес» дегенин жазган.

ТАСС агенттиги: Россиянын жарандары Белоруссияда террордук чабуул уюштурган деген шек менен кармалгандарын кабарлаган.

КТРК сайты: Кыргызстанда COVID-19 илдетинен 17 бейтап каза болгонун билдирген.



Тектеш кабарлар